Ала-Бука районуна жаңы аким дайындалды
Руслан Айтбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими кызматынан бошотулду.
Президенттин Администрациясы анын ордуна Темирболот Абыкеев дайындалганын кабарлады.
Эске салсак, Темирболот Абыкеев 2025-жылдын март айында Баткен шаарына мэр болуп барып, ошол жылдын октябрь айында кызматтан кеткен.