Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу 2 тилкелүү болду

3-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15

Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган стратегиялык маанидеги Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулуш иштери кайрадан жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылга карата долбоордо каралган жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөрүлгөн. Аба ырайынын жылышы жана ашуулардагы кардын эриши менен калган 20 чакырым тилкеде курулуш жана асфальттоо иштерине даярдык башталды.

Белгиленгендей, жол толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоорго ылайык, унаа жолу III техникалык категорияда курулуп, 2 тилкелүү болуп, 11,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ылайыкталууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган жолдун курулушу Ала-Бука жана Чаткал райондорунун тургундары үчүн транспорттук каттамды жеңилдетип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле жүк ташуунун көлөмү көбөйөрү күтүлүүдө.

3-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X