Ала-Тоо аянты жандуу музыкага бөлөнөт
Бишкек шаарында 17-18-июль күндөрү Ала-Тоо аянтында ачык асман алдындагы музыкалык кечелер уюштурулат.
Иш-чара саат 19:00дө башталып, шаар тургундары жана коноктору үчүн атайын даярдалган кызыктуу программа тартууланат.
Мэриянын маалыматына ылайык, музыкалык кечелер борбордун маданий жашоосун өнүктүрүүгө, чыгармачылыкты колдоого жана жарандар үчүн жагымдуу эс алуу шарттарын түзүүгө багытталган.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жандуу музыканын коштоосунда жайкы кечти көңүлдүү өткөрүүгө чакырат.