«Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагында аукцион жеңүүчүлөрү менен жолугушуу өттү
«Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн аукциондун үчүнчү жыйынтыктоочу этабынын жеңүүчүлөрү менен жумушчу жолугушуу уюштурулду.
Жолугушууда инвесторлор жана компания өкүлдөрү долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптарын талкуулап, курулуш иштерин жүргүзүү, инженердик жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле келечектеги кызматташуу маселелери боюнча пикир алышты.
Ошондой эле долбоордук документтерди даярдоо, курулуш иштеринин башталышы, инженердик коммуникацияларга кошулуу шарттары, архитектуралык талаптар жана курорттук кластердин бирдиктүү концепциясын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Катышуучулар документтерди тариздөө, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү, жер тилкелерин өздөштүрүү этаптары жана туристтик аймакты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча суроолорун берип, аларга кеңири жоопторду алышты.
Мындай жолугушуулар инвесторлор менен натыйжалуу кызматташууну бекемдөөгө жана «Ала-Тоо Резорт» долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
