Алай районунда сейрек кездешүүчү Чоң-үкү табылды

8-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108

Ош облусунун Алай районуна караштуу Күн-Элек айылынын тургуну Коргонбай уулу Хамзанын үйүнүн жанына сейрек кездешүүчү жапайы канаттуу — Чоң-үкү келип конгон.

Үй ээси жапайы жаратылышка жана канаттууларга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, Чоң-үкүнү этияттык менен багып, бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын тиешелүү адистерине дароо кабарлаган.
Маалымат түшкөндөн кийин жерине министрликтин Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүк бөлүмүнүн адистери барып, канаттууну кабыл алышкан.
Тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Чоң-үкүнүн денесинде сырткы таасирден болгон жаракаттар жок экени жана жалпы абалы канааттандырарлык экени аныкталган.
Адистердин корутундусуна ылайык жана тиешелүү акт түзүлгөндөн кийин Чоң-үкү кайрадан өзүнүн табигый жашоо чөйрөсүнө — жаратылышка коё берилди.

Министрлик Коргонбай уулу Хамзага ыраазычлык билдирип, жарандардын жапайы жаныбарларга жана канаттууларга аяр мамиле жасап, аларды кармоого же зыян келтирүүгө аракет кылбастан, мындай учурларда тиешелүү адистерге өз убагында кайрылуусу маанилүү экенин белгилейт.

8-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X