Алайда мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дары табылды

25-май, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 138

Алай районунун тургунунан мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга жарандардын бири куралды мыйзамсыз сактап жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө 33 жаштагы Т.И. аттуу жарандын үйүнөн 1 даана ТОЗ-8М үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал жана 28 даана ок-дары табылган.

«Бул факт боюнча «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүүгө карата эч жакка кетпөө боюнча тил кат алуу баш коргоо чарасы тандалып, тергөө иштери жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X