АЛАЙ РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ – АКИМ ЧЫҢГЫЗ БАПАЕВ: “ҮСТҮБҮЗДӨГҮ ЖЫЛЫ 20ДАН АШЫК ИМАРАТ БҮТҮРӨБҮЗ”
Кырктын кырынан эми оогон Чыңгыз Бапаев атактуу Алай жергесинин “эки тизгин, бир чылбырын” колго алганына 2 жылдан ашып баратат. Жаштыгына карабай жетекчилик кызматтардан ийгиликтүү карьера жасап, мамлекеттик башкаруудан кадыресе тажрыйба топтогон биздин маектештин идирегин кезегинде өлкө башчыбыз да байкап, шарты катаал аймакка ротация саясатынын эпкини менен жетекчи кылып жөнөткөн. Эл оозуна алынган мындай инсан менен баарлашуу да бир эседен жеңил, анан калса кызык маанайда уланды. Эл бааласын!
– Чыңгыз Арстанбекович, жаңырган жылда Алай району, андагы жергиликтүү эл үчүн кандай олуттуу максаттарды көздөп жатасыз?
– 2026-жылга карай Алай району үчүн алдыбызга көптөгөн асыл максат, изги тилектерди койгонбуз. Эсиңерде болсо керек, өткөн жылы районубуздун борбору Гүлчөгө шаар статусу берилген. Ырас, шаар макамын алган соң бул үчүн көптөгөн иштерди жасоого туура келет. Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Гүлчө шаарын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн 500 миллион сом каражат бөлүп берген. Мындан тышкары, мамлекетибиз тарабынан Гүлчө шаарына саркынды сууларды тазалоо жабдууларын орнотуу, ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча ички системаны жакшыртуу, оорукана, стадион, эл эс алуучу парктар, жаңы социалдык имараттарды куруу боюнча асыл максаттарыбыз бар. Үстүбүздөгү жылы 35 чакырымга созулган район ичиндеги ички жолдорду оңдоо каралган. Ошондой эле райондогу Гүлчө суусунун жээктерин бекемдөөнүн алдында турабыз. “Жакшы ишке Жараткан дагы жар болот” – дегендей жалпысынан 2026-жылы районубузда 20дан ашык имаратты бүтүрүп, ачууга жетишсекпи деген изги тилектерибиз бар. Ага катар да көптөгөн долбоорлордун үстүндө командабыз менен алпурушуп жаткан убагыбыз.
– Кычыраган кыш чилдеде тоолуу Нарын облусунун көпчүлүк мектептери ызгаардуу сууктан улам аралыктан окууга өтүштү. Климаттык шарты Теңир-Тоонукунан кем эмес Алайда кыш чилде адаттан тыш болгон жокпу?
– Ооба, учурда кыш чилде күн сайын күчүнө кирип турган маалы. Түптүү элибизде “кыштын кыштай эле болгону жакшы” деген кебинде айтылгандай, биздин Алай районунда да аяз чыкылдап, суук күн сайын күчүнө кирүүдө. Ошого карабастан райондо элибиз күнүмдүк көр-тиричилигин улантып, окуу, бала бакчалардагы иш үзгүлтүккө учурабай, кадимки штаттык режимде иштеп жатышат. Тоо мүнөз, тоолуу алайлык элибиз анча-мынча суукка моюн сунуп калчу эл бекен?! Суукту тоготпостон, кышка камылганы өз убагында бийик деңгээлде кам көрүп алган тоолук элден айланса да болот. Биздин аймактан Кытайга өтө турган Ош – Эркечтам эл аралык кан жолу өтөт. Автоунаалар тынымсыз өткөн бул жолдон тыгын жаралбашы үчүн Талдык, Чыйырчык ашууларындагы кооптуу тилкелерди жол чарба ишканасы менен биргеликте тынымсыз атайын техниканын жардамы менен тазалоо иштерин жүргүзүп турабыз.
– Алайдан чыккан легендарлуу инсан Жумаш Райымкулов атындагы №67 лицей учурда мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууга, оңдоп-түзөөгө муктаж экенинен кабардарсызбы? Район жетекчиси катары бул окуу жайдын абалына көңүл-кош мамиле кылбаганга даярсызбы?
– Райондогу атактуу инсан Жумаш Райымкулов атындагы №67 лицей буга дейре кароосуз калып, күнүмдүк пландуу оңдоо-түзөө, ремонт иштери болгону менен мамлекет тарабынан деле тыңгылыктуу көңүл бурулбай калгандыгын кайда катат элек? Бул окуу жайга капиталдык ремонт иштери жүргүзүлбөй кала берген. Азыр бардык жагынан оор абалга кептелген бул окуу жайды толук түрдө капиталдык ремонттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадык. Кудай буюрса, 2026-жылы толук түрдө оңдоп-түзөп, ремонттоого мүмкүнчүлүк жаралат деп ойлойм. Ырас, маалымат каражаттарына чейин бул окуу жайдын абалы сөз болуп жаткан соң, биз мындай маселеге көңүл кош карай албайбыз. Быйылкы жылы бул көйгөйгө толук кандуу чекит коёбуз деген планды койдук.
– Тоолуу алайлыктардын мал-жаны оору-сыркоо, ит-куш тийүүдөн тынчпы? Аймакта жазга карай камылга көрүү башталдыбы?
– Алайдагы мал-жандыктарга байланышкан оору-сыркоо, апааттар жок. Мындан ары деле болбой эле койсун. Азыр элибиздин караганы мал. Малдыр-жандыр оору-сыркоодон алыс турушу биз үчүн деле олжо. Ал эми жазгы даярдык маселесинде бизде жер аянты аз. Жалпы 7 миң гектар аянттагы жер болгондуктан, климаттык шартка ыңгайлашкан асыл тукумдуу, түшүмү мол боло турган үрөн, көчөттөрдү себүүнү максат кылып жатабыз. Айрым көйгөйлөргө карабастан мал арасында жасалма тукум алууну да жолго коюудабыз. Мындай аракетибиздин акыбети кайтып, төл ала баштадык. Өткөн жылы райондо 1000 гектар аянттагы жерди сугат талаасына айлантканга жетиштик. Быйыл дагы 650 гектар аянттагы жайыт жерди атайын каналдарды куруу менен сугат аянтына айлантууну максат кылып, элибизге шарт түзүүнүн камын көрүүдөбүз. Алдыда туризмди өнүктүрүү, социалдык имараттарды куруу, билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү боюнча 5 багытта белсемдүү иштерди аткаруу айныгыс максаттарыбыздан болмокчу.
Калыгул Бейшекеев