Алай районунун кинодирекциясынын киномеханиги Баатырбек РАИМКУЛОВ: “КҮНҮМДҮК КЕМ-КАРЧЫБЫЗГА ЖЕТПЕГЕН МАЯНАГА ИШТЕДИМ…”

Кезегинде кыргыз киносунун тарыхында “Алтын кылым” — аталышындагы доор болгондугун көпчүлүк билсе керек. Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Динара Асанова, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев сыяктуу режиссёрлор эң мыкты кинолорду тартышып, “Кыргыз кереметин” жаратышкан. Улуу көчтүн мындай байсалдуу сапары азыр да улантылып, соңку убакта Кыргызстан кино тартып чыгаруу боюнча алдыңкы орунда турары айтылууда. Дал ушундай тармакта жарым кылымдан бери “жылаңач баатырдын” образын жаратып, кино дүйнөсү үчүн ичкен ашын жерге койгон кыргыздын бир азаматын таап, кызык маанайда маектештик.

– Баатырбек Жумашевич, буга чейинки баскан изиңиз, кино жаатына баш салганыңыз, дегеле өмүр баяныңыз көпчүлүккө кызык болсо керек. Сөз тизгинин алгач ушул жаатка бурбайлыбы?

– 1977-жылы орто мектепти аяктагандан кийин алгачкы эмгек жолумду Гүлчө айылындагы №22 СПТУда (бул окуу жай азыр атам Жумаш Раимкулов атындагы №67 кесиптик лицей деп аталат) кинокөрсөтүүчү болуп иштеп калдым. Мындан көп өтпөй биздин аймакта киномеханик болуп иштеген Токтогул Маматеминов деген кишиден кино тартуунун, дегеле бул тармакка тиешелүү техниканын күңгөй-тескейин үйрөндүм десем болот. Тагыраагы, Токтогул Маматеминов мен үчүн кезегинде устаттын ролун аткарган десем болот. Ошол жылдардан тарта Гүлчөдө жайгашкан чек ара кызматынын аскердик бөлүктөрүнүн жоокерлерине да көп учурда кинофильмдерди коюп жүрдүм. 1981-жылы “Жаштык” кинотеатрына киномеханик болуп орноштум. Ал жерде эмгектенип жүргөндө эмгек жамаатым андагы Фрунзе шаарындагы №1 ПТУга жолдомо беришти. 1982-жылы окуумду артыкчылык аттестаты менен бүтүрүп, ошол эле жылы Алма-Ата шаарындагы кинотехникумга тапшырып, аталган окуу жайды 1986-жылы ийгиликтүү аяктаган соң кайрадан кинодогу ишимди уланттым. Анткени, мен өзүмдүн бүтүндөй жашоо тагдырымды кино деген “сыйкырдуу” сөз менен байланышта көрчүмүн. Мындан башкача боло албайт элем…

– Искусство тармагында, айрыкча кино сүйүүчүлөр жаатында иштегендердин тагдыры кызык болору белгилүү. Анан калса жарым кылымдык өмүрүн өңчөй кино өнөрүнө арнаган сиздей сейрек талант ээсинин буга чейинки баскан изинде жагымдуу ирмем менен эстей турган окуялар көп эле болсо керек…

– Албетте, жумуштун оош-кыйыш жагдайларында эсте калган ирмемдер көп эле болду. Убакыт өткөн сайын аларды ностальгиялык сезимдерге берилүү менен эстеп калам. Азыр ойлосом, мен тандаган тармагымда айлыктын аздыгына, көп учурда берилбей калганына деле кайыл болуп, бар-жокко чыдап иштеп жүрө берипмин. Азыркы жаштарга алган маянамды айтып берсем бир эседен жомок, экинчи жагынан күлкүдөй болсо керек. Материалдык жактан тандаган тармагымдан алган айлыгым күнүмдүк турмушума өп-чап жетип, кем-карч болгону менен (мындай көрүнүш өзгөчө 1990-жылдан кийин күч алды) “Жаштык” кинотеатрында иштеп жүргөндө жумушта болгон көптөгөн кыйынчылыктарга карабай планды ашыгы менен аткарганым үчүн ай сайын сыйлык алчумун. 3 жыл катары менен жакшы иштегеним үчүн кезегиндеги жетекчилер мени андагы абройлуу “Кызыл вымпел” сыйлыгы менен сыйлашкан. Ошентип, 1988-жылы Алай районунун киножабдуулар ишканасына башкы инженер болуп которулдум. Атактуу Алай районунун бүтүндөй айылдарына, колхоздорго, совхоздорго кино коюп жүрдүм. Ал аралыкта ошол убакта абройлуулугу артып турган жакшы кинолорду Өзбекстандын Андижан шаарына барып, сүйлөшүү жолу менен алардын кинопрокатынан тынбай сурап, алып келчүмүн. Өзүм майып болсом дагы автоунаа жүрбөгөн жолдорго карабай кээде кол араба, көп учурларда оор болсо да кинопленка баштаган керектүү шаймандарды колума көтөрүп, өз убактысында алып барып элге көрсөтүүгө аракет кылчумун. Азыр ойлосом, мен кинону кандай жакшы көрсөм, элдин бардыгы өзүмдөй жакшы көрөт деп ойлочу экенмин. Ошондуктанбы, жаңы кинолорду өз убактысында элдер көрүп калыш керек деп ойлойм. Азыркыдай автоунаа менен камсыз болгон убакыт анда жок. Ар кимдин унаасын жалдап, өз эсебибизден жолго, болгон чыгымдарга төлөп, бара турган айылдарга барчубуз. Эсимде, 1990-жылдары киноафишаларды атайын актай чүпүрөктөн даярдалган материалдарга, ватмандарга түстүү боёкторду колдонуу менен жазып, айылдарды кыдырып, кино плакаттардын жарнамасын илип жүрчүмүн. Бүгүн андагы кино плакаттар жөнөкөй тексттик жарнамалардан жандуу көркөм плакаттарга айланды. Жумуш күнү биринчи көрсөтүүнүн башынан акырына чейин созулган, тагыраагы, ал эртең мененки саат 8.00дө башталып, түн ортосунан бир топ өткөндөн кийин бүтүшү мүмкүн эле. Буга майрам, эс алуу күндөр да кирген. Албетте, бул үй-бүлөлөр үчүн оңой болгон эмес. Андан тышкары, кинопроектор менен иштөө ар дайым анын кыймылдуу бөлүктөрүнөн колуңду жаракат алуу же күйүп калуу коркунучун туудурган, ал эми күн бою дем алууга туура келген ысытылган пленкадан чыккан түтүн анчалык деле пайдалуу эмес болчу. Жогорку температурадан улам көрсөтүүлөр учурунда пленка дайыма айрылып кетчү, ошондуктан киномеханик аны тез арада оңдоо үчүн дайыма маска скотчун колдонушчу.

– Мындай көрүнүш азыркы жаш кинотехниктерге деле жомоктогудай туюлса керек…

– Ооба да. Учурда бул кесип технологиялык жетишкендиктерге жана киноиндустриясындагы өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Салттуу кинопроекторлорду колдонуунун ордуна, көптөгөн кинотеатрлар санариптик көрсөтүүлөргө өтүшкөн. Андан тышкары, IMAX жана 3D сыяктуу жаңы кино форматтарынын пайда болушу атайын көндүмдөрдү жана билимдерди талап кылат.

Ал эми биздин убакта мен кинотасмаларды клубда гана эмес, ферманын, МТСтин, мектепте жаш окуучуларга кызыл чырак бурчунда да көрсөтчүмүн.

– Жогоруда сөзүңүздө 1990-жылдардан кийин өзүңүз иштеген тармактагы каатчылык жөнүндө кеп кылбадыңызбы. Ошол убакта айлап айлык деле албай, эрдикке тете иштегениңиздер үчүн мамлекеттик деңгээлдеги сый-ургалдарга татыдыңыздарбы?

– Кубаттуу союз тараган 1990-жылдардан соң түрдүү кыйынчылыктарга карабай, айлап айлык жок мезгилдерде да элдин маанайын көтөргөнгө аракет кылып, сүйгөн жумушумду таштабадым. Аныгында айта берсең көйгөйлөр абдан көп болчу. Быйыл менин кинотармагында эмгектенгениме 50 жыл болуптур. Бул аралыкта менин бир сыймыктанганым, элиме дайым кызмат кылган жумушум болду. Эр жигит үчүн элге кызмат кылуудан өткөн олжо жоктур. Албетте, өзүбүздүн тармактан алган тиешелүү сыйлыктарым бар. А бирок, мамлекеттик маанидеги жогорку сыйлыктарды ала элекмин. Негизи сыйлык же кандайдыр бир наам үчүн эт-бетимден кетип, үзүлүп түшүп, жогору жакка “киши чаптырмай” менин табиятыма жат нерсе. Эмгегим элим үчүн, кылганым Жараткан үчүн болду.

Калыгул Бейшекеев

P.S. Кызыгы, өзүнүн майыптыгына карабай жарым кылымдан ашуун өмүрүн сүйгөн кесибине арнаган мындай сейрек инсанга бери дегенде өкмөттүк, парламенттик деңгээлдеги, арылатканда мамлекеттик сыйлыктардын ыроолонбогондугу таңгалдырды. Биздин бул “коңгурообуздан” соң тиешелүү органдар маселени эске алышаар деген үмүт бар.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X