Аламүдүн районунда акча, баалуу буюмдарды уурдаган шектүү кармалды

9-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 52

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 2-февралында Аламүдүн РИИБине 1985-жылы туулган Б.А. арыз менен кайрылып, анда 2-февраль күнү саат 13:00дөн 19:00гө чейинки убакыт аралыгында бирөөлөр үйүнүн терезесин сындырып кирип, 3800 долларын жана зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси Уурдоо боюнча катталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

9-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X