Аламүдүн районунда бала бакча өрттөндү
Маевка айылындагы Жаш Гвардия көчөсүндө жайгашкан жеке менчик “Первые Шаги” бала бакчанын 220 ч.м. чатыры өрттөндү. Маалыматка ылайык бакчада керебеттер жана башка тиричилик буюмдары күйгөн. Учурда өрттүн себептери такталууда.
КР ӨКМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, 27-сентябрга караган суткада өлкө аймагында жалпы 26 өрт кырсыгы катталган. Аларды өчүрүүгө 28 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында-4, Чүй облусунда-8, Ош облусунда -3, Жалал-Абад облусунда-7, Ысык-Көл облусунда-3, Талас облусунда-1 өрт кырсыгы катталган.