Аламудүн районунун жашоочусунан белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алынды

29-апрель, 2021-ж. / Редакция / Кылмыш 20

2021-жылдын 27-апрель күнү Аламүдүн районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 40-45 жаш курактагы тевропа улутундагы эркек киши эч кандай тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сактап жүргөну жана аны сатууга аркет кылып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.
Жогорудагы маалыматты текшерүү максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жогорудагы жарандын өздүгү аныкталган. Ал 1970-жылы туулган Лебединовка айылынын жашоочусу К.В. экендиги такталып, териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда жогорудагы жаран белгисиз үлгүдөгү куралын өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине тапшырып берген.
Бул окуя кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттлаып, ал куралга тиешелүү экспертизалар дайындалаган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

29-апрель, 2021-ж. / Редакция / Кылмыш 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X