Альбина ИМАШОВА, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: “САХНА–МЕНИН ТАГДЫРЫМ”
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Альбина Имашова сахна өнөрүнө өмүрүн арнаган, көрүүчүнүн жүрөгүнөн орун алган актрисалардын бири. Альбина Имашова менен чыгармачылык жолу, кыргыз театрын өнүктүрүүдөгү максаттары тууралуу маек курдук.
– Альбина айым, театрдагы чыгармачылык жолуңуз кандай башталган?
– Чыгармачылык жолум искусство институтунда 2-курста окуп жүргөн кезде башталды. Улуттук театрдын мыкты залкарлары Гүлайым Каниметова менен Темирлан Сманбеков мени бир иш-чарадан көрүп калып, “ушул кызды алыш керек экен, биздин театрга ылайык” деп көркөм кеңешке сунуш кылып, ишке алышкан. Театрдагы чыгармачылык жолум ушундай жакшы деңгээлде башталган.
– Эң алгачкы ойногон ролуңуз эсиңиздеби?
– Эң алгачкы ойногон ролум албетте эсимде, ал кезде белгилүү режиссёр Искендер Рыскуловдун “Кагылайын Манасым” аттуу спектаклинде бир келиндин ролун бирөөнүн ордуна ойнодум. Бизде “водд” деп коёт, жаңы актёр, актрисаларды киргизүү. Анан эң алгачкы өзүм чыгарган роль бул – Назым Мендебаировдун дипломдук иши Михаил Булгаковдун “Зойканын квартирасы” аттуу спектаклде Манюшка деген кичинекей кызматчы кыздын ролун биринчи жараткам.
– Ролдорду өзүңүз тандап ойнойсузбу же режиссёр береби?
– Ролдорду өзүбүз тандабайбыз, режиссер берген образды гана жаратабыз. Коюлуштун өз концепциясына, көркөм чечимге жараша режиссер актерлорду тандайт. Бирок, айрым учурларда өзүң жактырган образдар болот, алар тууралуу сунуш айтып, кызыгууңду билдирсең болот. Акыркы чечимди режиссёр чыгарат, Анткени, спектакль бул – командалык эмгек.
– Эмгек сиңирген артист наамы сиз үчүн кандай жоопкерчилик жаратат?
– Бул наамы мен үчүн чоң жоопкерчилик. Мурда берилген рольдорду аткарып жүрсөм, азыр ар бир чыгармама өзгөчө маани берем. Бул наам – жөн гана сыйлык эмес, маданиятка кошкон салым, берилген баа. Ошондуктан, жоопкерчилик дагы эки эсе жогорулайт. Сахнадагы ар бир образ аркылуу көрүүчүгө сапаттуу эмгек сунуштоо милдети турат. Мындан тышкары, бул наам кыргыз улуттук маданиятын кеңири жайылтуу, аны кыргыз улутуна татыктуу деңгээлде көрсөтүү. Мен бул наамды чоң ишеним катары кабыл алып, аны актоого аракет кылам.
– Сахнадагы эң оор жана эсте калган ролдоруңуз тууралуу айтып берсеңиз?
– Сахнада ойногон ролдорумдун бардыгы эсимде. Ролдорду оор деп айта албайм. Анткени, ролдун түпкү максатын түшүнүп алсаң, бизче айткандай “краска”- деп коёт, образдарды пластилин жасагандай суулап, ийине жеткирип аласың. Ар бир образым жан баламдай, ар бир терден, ар бир нервден, ар бир сөздөн чыгат, мен үчүн бардык ролдор маанилүү. Эстен кеткис ролдорумдун бири – “Тумар Ханыша” спектакли. Бул спектаклге 3 ай даярдык көрүп, премьера болот дегенде бутумду сындырып алдым, ага карабастан тырышып эле ойнойм дедим. Ал жакта бийиктикке чыгып, кайра түшүш керек эле. Гипсимди чечтирип, блокада койдуруп, 3 күн кыйналсам дагы роль ойногонум эсимде. Бул менин эрдигим деп эсептейм.
– Кыргыз драма театрга көркөм жетекчи болом деп ойлодуңуз беле?
– Чынын айтканда, көркөм жетекчи болом деп ойлогон эмесмин. Мага министрликтен көркөм жетекчиликти сунуштаганда, макул болгон жокмун. Анткени, театрда мыкты, кыйын инсандар бар. 100 жылдык тарыхы бар театрдан, башкача көз карашы бар адамдарды издеп көрүңүздөр, мен актриса болуп иштеп жүрө берейин деп баш тарттым. Министр өзү чоң жоопкерчиликти жүктөп, убактылуу мөөнөткө көркөм жетекчи кылып дайындады. Кыргыз драма театрын 17 жашымдан бери билем. Шумдук нерсе жасадым деп айта албайм, келечек алдыда.
– Эгерде актриса болбогондо, кайсы кесиптин ээси болот элеңиз?
– Мектепте окуп жүргөн кезимде милиция кызматкери болууну кыялданчумун. Негизи мага юридикалык, адвокатура, органда иштеген абдан жагат. Апам китепканачы болгондугуна байланыштуу көптөгөн китептерди окудум. Детектив жанрын кызыгып окучумун. Кино көрсөм дагы детектив жанрдагы кинолорду көрүп, өзүм негизинен эле изилдеп, тактаганды абдан жакшы көрөм. Мүмкүн актриса болбогондо адвокат болмокмун.
– Театрдын өнүгүшүнө кандай өзгөрүүлөрдү киргизип жатасыз?
– Кыргыз улуттук драма театрдын өнүгүшүнө чынын айтканда реформа киргизе элекмин. Бизде театрда реклама жетишсиз, жакшы спектаклдер бар, бирок алар көрүүчүлөргө толук жетпей жатат. Ошондуктан жарнаманы күчөтүп, социалдык тармактарды активдүү колдонуп, заманбап ыкмалар менен иш алып баруу керек деп эсептейм. Ошондой репертуардык саясатты оңдоо боюнча өзгөртүүлөрдү ойлоп жатам. Өзүмдүн пландарым бар. Биздин театрдын бир гана чоң залы болуп, кичи залы жок. Моно спектакль жана чыгармачыл кечелерди өткөрө турган, азыркы тил менен айтканда “фан” залы жок. Азыркы учурда директорубуз Асылбек Авазович жана жалпы кесиптештер менен кеңешип, кичинекей зал ачуунун үстүндө турабыз. Кичинекей зал ачып алсак, көрүүчүлөр менен моно-спектаклде тыгыз байланышта болуп, эксперименталдык спектаклдарды коюп, жаш муундагы режиссёрлордун чыгармачылыгын өркүндөтүүгө салым кошот элем. Өзгөртүүлөр дароо эле келип калбайт экен, акырындык менен ишке ашат деген ишеничтемин.
– Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?
– Менде бош убакыт жок. Эртеден кечке чейин театрда кызмат кылам. Сөзсүз түрдө шакирттерди тарбиялоого жетишкенге аракет кылам. Бизде азыр келечек муун башкача болгондугуна байланыштуу, алардын тили менен слендерге, кандайдыр бир азыркы зумерлерди театрга тартуу аракетиндемин. Жаштарды театрга, маданият чөйрөсүнө, искусствого тартуу, үйрөтүү бул дагы чоң кызмат болсо керек деп ойлойм.
– Кандай жаңы долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатасыз?
– Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук театрыбыздын быйыл 100 жылдык мааракеси болот. Мааракени мыкты, масштабдуу, салтанаттуу өткөрүү боюнча чоң долбоор даярдап жатабыз. 100 жылдыкка карата Россияда, коңшу мамлекеттерде эмгектенип жүргөн режиссёр Улан Баялиев менен сүйлөшүп, «Кагылайын Манасым» деген болжолдуу аталыштагы сценарийди түзүп жатабыз. Сценарийдин үстүнөн белгилүү театр сынчысы, драматург Жаныш Кулмамбетов менен Улан Баялиев иштешүүдө. Москвага чейин барып режиссёр менен кеңешип келишти. Манасты кимдер тааныткан, Манасты коомчулукка, алып чыгам деп зомбулукка репрессияга кайсыл залкар инсандар учураган деген спектакль коюунун аракетиндемин. Бул долбоорубуз дагы ишке ашканы турат.
– Быйылкы белгилүү датага карай репертуарлар да бир жаңыланса керек.
– Негизи репертуарга байбыз, учурда көрсөтүлүп жаткан мыкты, актуалдуу 35 спектаклибиз бар. Жыл сайын 5-6 спектакль кошулуп турат. Эки-үч жылдан бери мамлекет тарабынан маданият тармагын каржылоо абдан жакшы болуп жатат. Мурда спектаклди өз каражатыбызга эптеп койчубуз.
Чынара КАЛМАТОВА