Алдамчылык жана киберкылмыштуулук: заманбап коркунучтар жана аларга каршы чаралар
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери сыяктуу эле маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен жасалган алдамчылык кылмыштарынын өсүшүнө туш болууда. Санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн, интернет-банкингдин, электрондук коммерциянын жана социалдык тармактардын өнүгүшү жарандарга жана бизнес субъекттерине кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен катар эле киберкылмышкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерине да ыңгайлуу шарттарды жаратууда.
Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын прокуратурасы укук коргоо органдары менен биргеликте жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле санариптик коопсуздукту камсыз кылууга багытталган алдын алуу жана профилактикалык иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууда.
Кыргыз Республикасында кеңири таралган алдамчылыктын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
* телефон аркылуу жасалган алдамчылык;
* интернет тармагындагы алдамчылык;
* финансылык пирамидалар;
* банктык төлөм карталарын пайдалануу менен жасалган алдамчылык;
* социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу жасалган алдамчылык;
* жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу.
Кеңири колдонулган алдамчылык схемаларынын бири – кылмышкерлердин өздөрүн банктардын, укук коргоо органдарынын же мамлекеттик органдардын кызматкерлери катары тааныштырып, психологиялык таасир көрсөтүү жолу менен жарандарды адаштырып, банктык карталардын реквизиттерин, сырсөздөрдү, бир жолку ырастоо коддорун жана башка купуя маалыматтарды алууга же акча каражаттарын кылмышкерлер көрсөткөн эсептерге которууга көндүрүүсү болуп саналат.
Ошондой эле виртуалдык активдер менен байланышкан операцияларды жүргүзүүдө өзгөчө сактык талап кылынат. Эске салабыз, виртуалдык активдерди алмаштыруу боюнча оператордун иши лицензиялануучу иштин түрүнө кирет жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу боюнча операторлордун реестринде мамлекеттик каттоодон өтүүгө милдеттүү. Мамлекеттик каттоо виртуалдык активдерди алмаштыруу боюнча операторлордун иши жана тиешелүү Реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
Алдамчылык фактыларынын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын прокуратурасы жарандарга төмөнкү сунуштарды берет:
* үчүнчү жактарга сырсөздөрдү, SMS аркылуу келген ырастоо коддорун, PIN-коддорду жана банктык карталардын реквизиттерин бербөө;
* татаал жана уникалдуу сырсөздөрдү колдонуу, ошондой эле эки факторлуу аутентификацияны иштетүү;
* финансылык операцияларды жүргүзүүдөн мурда интернет-ресурстардын жана мобилдик тиркемелердин ишенимдүүлүгүн текшерүү;
* акча каражаттарын шашылыш которуу же жеке маалыматтарды берүү жөнүндө телефон чалууларга жана билдирүүлөргө өзгөчө этияттык менен мамиле кылуу;
* улгайган ата-энелерге жана жакын туугандарга алдамчылыктын жаңы схемалары жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат берип туруу, анткени алар көбүнчө киберкылмышкерлердин курмандыгы болуп калышат.
Жарандардын кыраакылыгы, маалыматтык коопсуздуктун негизги эрежелерин сактоосу жана шектүү жагдайлар жаралган учурда укук коргоо органдарына өз убагында кайрылуусу алдамчылыкка жана киберкылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүүнүн негизги шарттары болуп саналат.
Н.Артышова, Бишкек шаардык прокуратура бөлүмүнүн башкы прокурору