Алдамчылыкка каршы жаңы система түзүү сунушталды
Кыргызстанда алдамчылыкты алдын алуу боюнча бирдиктүү система түзүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Долбоорго ылайык, Ички иштер министрлигинин алдында атайын борбор түзүлөт. Ал жарандардын алдамчылык боюнча билдирүүлөрүн кабыл алып, шектүү телефон номерлерди, сайттарды, шилтемелерди, аккаунттарды жана төлөм реквизиттерин талдайт.
Ошондой эле алдамчылык тобокелдиктери боюнча атайын реестр түзүлөт. Андагы маалыматтар банктарга, төлөм уюмдарына, байланыш операторлоруна жана санариптик платформаларга жөнөтүлүшү мүмкүн.
Маалыматтын реестрге киргизилиши адамды автоматтык түрдө күнөөлүү деп таанууга негиз болбойт. Жарандар маалыматты оңдоону же реестрден чыгарууну талап кылып, борбордун чечимине даттанууга укуктуу болот.
Демилгенин негизги максаты — алдамчылык болгондон кийин гана чара көрбөстөн, шектүү схемаларды алдын ала аныктап, жарандарга эрте эскертүү берүү.
Мындан тышкары, Улуттук банкка финансы уюмдары үчүн алдамчылык операцияларын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча милдеттүү талаптарды киргизүү укугун берүү сунушталууда.