Александровка-Асылбаш унаа жолу асфальтталат
Сокулук районуна караштуу Александровка-Асылбаш унаа жолунун 2,5 чакырымы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун негизи даярдалып жатат.
Белгилей кетсек, жалпы узундугу 16,5 чакырымды түзгөн Александровка-Асылбаш жолунун былтыр 3 чакырымына асфальт төшөлгөн.