Алгачкы ирет Жогорку адабий курсу ачылды

17-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39

Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында жаңы түзүлгөн Жогорку адабий курсунун таанытымы болуп өттү. Аталган курс Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Үмүт Култаеванын демилгесинин негизинде ачылган. Таанытымга Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Кыргыз Республикасынын эл акындары Токтосун Самудинов, Акбар Рыскулов, Кожогелди Култегин, кыргыз таануучу, фольклорчу Сулайман Кайыпов, акын Сагын Акматбекова, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун ректору Түмөнбай Колдошов, филалогия илимдеринин кандидаты, калемгер Гүлзада Станалиева, акындар Нуриза Өмүрбаева, Алтынай Темирова, адабиятчылар жана курстун студенттери катышты.

Жогорку Адабий курсу калемгерди жаңыча сапаттык деңгээлде жазууга шыктандырарын белгилеген Үмүт Култаева: “Биз бул адабий курста идеологияга байланып, тыюу салынган, кырчынында кыйылган адабияттар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү менен чыгыш адабиятын, дүйнөлүк адабиятты жана улуттук адабиятты тереңден үйрөнүүгө жол ачабыз. Чет өлкөлөрдү карай турган болсок, коңшу мамлекет, Өзбекстанда жана Азербайжанда адабият боюнча түзүлгөн чоң институттар бар. Мындай окуу жайлар Түркияда 1956-жылы ачылса, 1996-жылы Казакстанда түптөлгөн. Биз бул жаатта окутууну кечирээк баштап жатабыз. Антсе да колуна калем алган жаштардын билимге болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн теориялык жана практикалык сабактарды айкалыштырып, элибиздин көрүнүктүү акын-жазуучулары менен мастер класстарды уюштуруп, жыйынтык көрсөтө ала тургандай окутуу жүргүзөлү деген чоң максатыбыз бар”,-деди.

Адабий окутуу октябрдын 14үндө 14 угуучу менен башталгандыгын айткан Түмөнбай Колдошов: “Баарыбыз жакшы көрүп окуган Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести бар. Анда чыгарма 1924-жылы болгон окуя деп башталат. Мугалим Дүйшөн балдарга тамга таанытып, кат-сабатын жоюуну максат кылып, алгачкы мектепти ачат жана Дүйшөндүн окуучусу Алтынай академик болуп чыгат. Бүгүнкү күндө Үмүт Култаева ошол Дүйшөндүн кербенин улантып жаткан учуру. Эки жылдык адабий курсунда үркөрдөй болгон окутуучу агай-эжейлердин саны өсүп, саналуу, сапаттуу, акын-жазуучуларды чыгарсак, мүдөөбүзгө жеткен болобуз”,-деген оюн билдирди.

Иш-чара коноктордун ой-пикири, каалоо-тилеги, поэзия жана обундуу ырлар менен коштолду.

Алтынай Нурдинова

17-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X