Алиевдин таскагы эл аралык алкакта жаңырды

Жакында Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медер Алиев Беларусиянын Брест шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 85 жылдыгына арналган “Улуу мурас – жалпы келечек” аттуу эл аралык форумда маңыздуу баяндама жасады.   

Медер Алиев форумда “Кыргызстан үчүн, мурдагы Советтер Союзунун башка боордош республикалары сыяктуу эле, Брест шаары өзгөчө мааниге ээ. Согуштун алгачкы күндөрүндө Брест чебин коргоочулардын катарында башка элдердин өкүлдөрү менен катар биздин жердештерибиз да акыркы демине чейин салгылашкан. Бүгүн бизге чепти баатырларча коргоого катышкан Кыргызстандын 21 жоокери жана офицеринин ысымдары белгилүү. Алардын эрдиги элибиздин тарыхында түбөлүккө сакталып, жалпы тарыхый мурастын маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Өлкөнүн бир жарым миллион калкынын дээрлик ар бир төртүнчү тургуну – 360 миңден ашуун адам фронтко аттанган. Алардын 130 миңден ашыгы жалпы Мекенибиздин эркиндиги үчүн жанын берип, мекенине кайтып келген эмес. Бүгүн дүйнө жүзү ошол кездеги Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында жана Алма-Атада түзүлгөн, 1941-жылдын күзүндө Москванын четинде душмандын мизин кайтарган легендарлуу Панфилов дивизиясын жакшы билет. Советтер Союзунун Баатырлары Дүйшөнкул Шопоков менен Чолпонбай Түлөбердиев баштаган майдан талааларында эбегейсиз эрдик көрсөткөн он миңдеген кыргызстандыктар өздөрүн түбөлүк даңкка бөлөшкөн” – деп белгиледи.

Медер Алиев Кыргызстан достукту, өз ара урматтоону жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоону, гуманитардык кызматташтыкты жана парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүнү туруктуу колдой турганын баса белгилеп: “Беларусь Республикасы менен Россия Федерациясын жана бизди жалпы тарых, өз ара урматтоо жана жаратмандык өнүгүүгө болгон умтулуу байланыштырып турган бардык мамлекеттер менен достук мамилелерди жогору баалайбыз” – деген пикирин билдирди.

КМШ мамлекеттеринин өңчөй парламент төрагалары катышкан жыйынга Кыргызстандан барган делегацияны жетектеп баруу бул сапар Медер Алиевдин багына буюрганы бир эсе делегация үчүн утуш десек болот. Жаңы муундагы, жаңы формациядагы жаштардын өкүлү бийик маданияты, бир нече тилде түш жооруган интеллектуалдык көрөңгөсү менен чет өлкөлүк кесиптештеринин урмат-сыйына арзып, алар менен протоколдон тыш жолугуша калганда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.Володин кыргызстандык кесиптешин бекем кучактаган тейде “мындан ары кыргыз-орус парламенттеринин кызматташтыгын жаңы сапаттарга чыгаралы” деген пикирин жөн жерден айтпаса керек.
Өзгөчө грек-рим күрөшү боюнча Олимпиаданын 3 жолку чемпиону, Мамлекеттик Думанын депутаты А.А.Карелин протоколдон тыш атайын Медер Алиев башында турган делегацияга басып келип “орус тилин эң мыкты деңгээлде билген инсан катары жогорку баага татый турган маанилүү баяндама жасадыңыз” – дегенинин өзү мындан ары парламенттер аралык алаканын чыңдалышына негиз түзгөн пикир эмей эмне?!

Аныгында эл аралык алакада протоколдон тышкары жеке мамиле да өлкөлөр аралык мамиленин оңолушуна оң таасирин тийгизери турган иш. Мындай шартта Орусия Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.Володин, Казакстан Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нуриддин Исмаилов баштаган өңчөй үлкөн жетекчилер чогулган бул жыйында Кыргызстандан барган Медер Алиев баштаган делегацияга алардын жылуу маанайдагы жеке мамилелери да келечекте эки тараптуу кызматташууда өлкөбүздүн беделин арттырууга салым кошоору турган иш. Жогорку Кеңештеги “экинин бири” болуп турган Медер Алиевге эл өкүлдөрү тарабынан берилген жогорку ишенимдин сапары узак болсо каарманыбыз бүгүнкүдөй жүрүшү менен кыргыз парламентин жаңы сапаттарга көтөрөрүн бөркүңөрдөй көрсөңөр болот. Бекеринен аны жакындан жакшы билгендер билими менен тазалыгын баса белгилешип, саясаттагы ыплас көрүнүштөрдөн өзүн оолак кармаса, алдым-жуттумдук менен жемкорлукка аралашпаса, келечекте кыргыздын Мыктыбек Абдылдаев сындуу легендарлуу инсанын ордун баса турганын баса белгилешпесе керек.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X