Аликбек Жекшенкулов, экс-министр: Кыргызстан дүйнөлүк саясатта өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алды
Дүйнөдө геосаясий атаандаштык күчөп, коопсуздук маселеси курч турган учурда Шанхай кызматташтык уюмунун дүйнөлүк саясаттагы салмагы өсүүдө. ШКУга төрагалык кылган Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктү өзүнүн эл аралык аброюн бекемдөөгө жана дүйнөлүк процесстердеги үнүн күчөтүүгө багытташы керек деген дипломат, саясат таануучу Аликбек Жекшенкулов уюмдун келечеги тууралуу ой бөлүштү.
— Аликбек Жекшенкулович, дүйнөдө геосаясий тиреш күчөп, мамлекеттердин ортосундагы мамилелер татаалдашууда. Мындай шартта ШКУнун ролу кандай?
— Бүгүн эл аралык мамилелер өтө татаалдашып кетти. Азыр мамлекеттерди эң көп ойлондурган маселе – коопсуздук. Адамдын, мамлекеттин жана жалпы дүйнөнүн коопсуздугу биринчи орунга чыкты. Ушундай шартта ШКУнун мааниси кескин өсүүдө. Ал бүгүн жөн гана аймактык уюм эмес, дүйнөлүк саясатка таасир эте алган маанилүү аянтчага айланды. Уюмдун курамында Россия, Кытай, Индия сыяктуу ири державалар жана Борбор Азия мамлекеттери бар. Демек, дүйнөлүк саясаттын негизги оюнчуларынын бир бөлүгү ушул аянтчада чогулуп турат.
— ШКУнун күчү эмнеде? Анын келечегин кандай көрөсүз?
— Негизги күчү саясий системасы жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү ар башка мамлекеттерди бир аянтчага чогулта алганында. Алардын кызыкчылыктары дайыма эле дал келе бербейт. Бирок коопсуздук, туруктуулук, экономикалык өнүгүү, соода жана транспорт сыяктуу жалпы кызыкчылыктар бар. Дипломатиянын милдети дал ушул орток кызыкчылыктарды табуу. Ошондуктан ШКУ кеңейген сайын анын дүйнөлүк саясаттагы салмагы да өсөт деп эсептейм.
— Ирандын айланасындагы кырдаал курчуп турган шартта анын кесепети Борбор Азияга тийиши мүмкүнбү?
— Албетте, мындай коркунуч бар. Иран ШКУнун мүчөсү, бизге географиялык жактан жакын жана Кыргызстан менен соода-экономикалык байланыштары бар өлкө. Иран аркылуу өтүүчү транспорттук жана соода маршруттарынын мааниси да өсүп жатат. Ошондуктан ал жактагы туруксуздук Жакынкы Чыгыш менен гана чектелбейт. Кырдаал курчуса, анын таасири энергетикага, логистикага, соодага жана азык-түлүк коопсуздугуна чейин жетиши мүмкүн.
— Мындай шартта ШКУ кандай роль ойной алат?
— ШКУнун эң чоң мүмкүнчүлүгү диалог үчүн аянтча болушунда. Согуштук жана саясий маселелерди мүмкүн болушунча дипломатиялык жол менен чечүү зарыл. Бүгүн дүйнөгө күч колдонууга эмес, сүйлөшүүгө жана тынчтыкка чакырган позиция керек. ШКУда ар кандай цивилизацияларды жана диндерди өкүлчүлүк кылган мамлекеттер бар. Ошондуктан уюм цивилизациялардын кагылышуусуна эмес, алардын диалогуна кызмат кылышы керек.
— Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы татаал мезгилге туш келди. Бул сынообу же мүмкүнчүлүкпү?
— Бул чоң сыноо, бирок андан да чоң мүмкүнчүлүк. Мамлекеттин эл аралык аброю татаал мезгилде карманган позициясынан көрүнөт. Кыргызстан ШКУга төрагалык кылып жатып, жөн гана иш-чараларды өткөргөн өлкө болбошу керек. Биз конструктивдүү демилгелерди сунуштай алган, диалог түзө алган жана келечекти көрө билген мамлекет катары өзүбүздү көрсөтүшүбүз зарыл. Кыргызстандын дипломатиялык мектебинин тажрыйбасы бар. Эми ошол потенциалды туура пайдалануу керек.
— Төрагалык учурунда Кыргызстан кайсы маселелерге басым жасашы керек?
— Биринчи орунда коопсуздук. Экинчи экономика. Үчүнчү транспорттук жана инфраструктуралык байланыштар. Төртүнчү билим берүү жана гуманитардык кызматташтык. Өзгөчө географиялык мүмкүнчүлүгүбүздү туура пайдаланышыбыз керек. Кыргызстан Борбор Азиянын ортосунда жайгашкан. Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган транспорттук коридорлор биз үчүн стратегиялык мааниге ээ. Мындан тышкары, ШКУнун алкагында инвестиция тартуу жана биргелешкен экономикалык долбоорлорду көбөйтүү зарыл.
— Демек, ШКУ Кыргызстан үчүн коопсуздук уюму гана эмес, экономикалык мүмкүнчүлүк да болуп жатабы?
— Албетте. ШКУнун мүмкүнчүлүгүн коопсуздук менен гана чектөөгө болбойт. Соода, инвестиция, энергетика, транспорт, айыл чарба, санариптештирүү жана билим берүү мунун баары маанилүү багыттар. Эң негизгиси бул мүмкүнчүлүктөрдү конкреттүү долбоорлорго айландыруу. Транспорттук коридорлор иштесе, транзиттик мүмкүнчүлүгүбүз кеңейет. Инвестиция келсе, жаңы өндүрүштөр түзүлөт. Билим берүү байланыштары күчөсө, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.
— ШКУ кеңейип жатат. Бул уюмду күчтөндүрөбү же чечим кабыл алууну татаалдаштырабы?
— Кеңейүү биринчи кезекте ШКУга болгон кызыгуунун жана ишенимдин өсүп жатканын көрсөтөт. Албетте, мамлекеттер көбөйгөн сайын пикирлердин айырмасы да көбөйөт. Бирок бул табигый көрүнүш. Негизги маселе, ошол айырмачылыктардын арасынан орток кызыкчылыкты табуу. Кеңейүү – чоң мүмкүнчүлүк. Бирок уюмдун ички ынтымагын сактоо андан да маанилүү.
— ШКУнун ичинде саясий карама-каршылыктар уюмдун ишине тоскоол болушу мүмкүнбү?
— Ар бир эл аралык уюмда мамлекеттердин өз кызыкчылыктары бар. ШКУда да ошондой. Бирок уюмдун негизги принциптеринин бири – консенсус. Демек, мамлекеттер сүйлөшүп, позицияларын жакындатып, орток чечимге келүүгө аракет кылышат. Менимче, бул ШКУнун күчтүү жагы.
— Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын ШКУнун ичинде кантип натыйжалуу илгерилете алат?
— Биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктарыбызды так аныкташыбыз керек. Алар коопсуздук, экономикалык өнүгүү, инвестиция, транспорт, энергетика жана адамдык капитал. Ушул багыттар боюнча конкреттүү демилгелер керек. Мындан тышкары, эксперттик коомчулуктун ролун күчөтүү зарыл. Илимий, интеллектуалдык жана маданий долбоорлор аркылуу Кыргызстанды ШКУ мейкиндигинде кеңири таанытуу керек. Биздин тарыхыбыз жана маданиятыбыз да чоң ресурс. «Манас» эпосу, көчмөн цивилизациясы Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган күчтүү бренддери.
— Сиз Кыргызстандын эл аралык имиджине өзгөчө маани берип жатасыз го…
— Анткени азыркы дүйнөдө имидж мамлекеттин саясий жана экономикалык капиталы. Өлкөгө ишеним болсо, кызматташууга жана инвестиция салууга кызыгуу да өсөт. Кыргызстанды тарыхы бай, маданияты күчтүү, тынчтыкты жактаган жана диалогго ачык мамлекет катары таанытуу керек. ШКУга төрагалык кылуу муну көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк.
— Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчө болуп шайланды. ШКУдагы төрагалык менен бул эки мүмкүнчүлүк бири-бирин кантип толуктай алат?
— Бул Кыргызстан үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк. Ушул мезгилде өлкө эл аралык саясаттагы өзүнүн үнүн күчөтө алат. Бир жагынан БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги иш, экинчи жагынан ШКУдагы төрагалык. Бул эки багыт бири-бирин толуктап турат. Биз дүйнөлүк жана аймактык коопсуздук маселелеринде өз позициябызды билдирүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк алабыз. Эми эң негизгиси – бул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу.
— ШКУ келечекте кандай уюмга айланышы мүмкүн?
— ШКУнун келечеги бар уюм. Бүгүн анын курамында дүйнө калкынын жана экономикасынын олуттуу бөлүгүн түзгөн мамлекеттер бар. Уюмдун саясий жана экономикалык салмагы өсүп жатат. Келечекте ШКУ коопсуздук менен гана чектелбестен, дүйнөлүк экономикалык жана саясий процесстерге таасир эткен ири көп тараптуу платформага айланышы мүмкүн.
— Анда Кыргызстандын бүгүнкү төрагалыгынын тарыхый мааниси эмнеде?
— Эң башкысы, Кыргызстанга дүйнөлүк саясатта өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биз чоң державалардын арасында турган чакан мамлекетпиз. Бирок чакан мамлекеттин да үнү маанилүү. Айрыкча ал туура, адилеттүү жана конструктивдүү позицияны карманса. Кыргызстан төрагалыкты татыктуу өткөрүп, дипломатиялык мүмкүнчүлүгүн, интеллектуалдык потенциалын жана маданий жүзүн көрсөтө алса, өлкөнүн эл аралык аброю өсөт. Менимче, биздин негизги максат – Кыргызстан дүйнөлүк процесстерди сырттан карап турган мамлекет эмес, ошол процесстерге өз салымын кошо алган өлкө экенин көрсөтүү.
— Маекти жыйынтыктай турган болсок, Кыргызстан ШКУдагы төрагалыктан эмнеге жетиши керек?
— Мен үч негизги натыйжаны көрүп турам. Биринчиден, коопсуздук жана тынчтык маселесинде өзүнүн үнүн күчөтүшү керек. Экинчиден, ШКУнун мүмкүнчүлүктөрүн экономикалык өнүгүүгө айландыруу зарыл. Бул инвестиция, соода, транспорт, энергетика жана жаңы долбоорлор. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрүү керек. Эгер ушул үч багытта ийгиликке жетсек, ШКУдагы төрагалык Кыргызстан үчүн жөн гана эл аралык иш-чара эмес, өлкөнүн келечегине таасир бере турган тарыхый кадам болуп калат.
Дүйнө тез өзгөрүп жатат. Мындай учурда мүмкүнчүлүктү күтүп отурбастан, аны өзүбүз жаратышыбыз керек. Кыргызстанда буга потенциал бар. Эми ошол мүмкүнчүлүктү туура пайдалануу мезгили келди.
Чынайым Кутманалиева