Аликбек Жекшенкулов, экс-министр: Кытайдан коркпой, мыйзамды күчөтүп, мүмкүнчүлүктү пайдаланышыбыз керек
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу башталгандан бери коомдо бул долбоор боюнча түрдүү талкуулар болууда. Бир тарап аны өлкөнүн экономикасын өзгөртө турган стратегиялык долбоор катары бааласа, экинчи тарап «кытайлар көбөйүп кетет» деген кооптонуулар айтылууда. Бул чочулоолор канчалык негиздүү? Коңшу Кытай менен мамиле кандай нукта өнүгүшү керек? Бул суроолорго Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жооп берди.
– Аликбек агай, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Кыргызстан үчүн тарыхый мүмкүнчүлүкпү же коопсуздук жагынан тобокелчиликтерди күчөтө турган долбоорбу?
– Коомдо ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бул табигый көрүнүш. Бирок, дүйнөдөгү экономикалык жана геосаясий процесстерди кеңири карасак, бул темир жол Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Биз тоолуу өлкөбүз. Деңизге түз чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошондуктан, биз үчүн эң пайдалуу жана арзан транспорттук байланыштардын бири болот. Эгер бул долбоор толук ишке ашса, Кыргызстан жөн гана керектөөчү эмес, транзиттик мамлекетке айланат. Демек, темир жол мамлекеттик бюджетке туруктуу киреше алып келет. Мындан тышкары, жаңы темир жол аркылуу Борбор Азиядан Түркмөнстан жана Иран аркылуу Перс булуңундагы портторго чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул кыргыз товарларынын дүйнөлүк рынокко чыгышын жеңилдетет. Ошол эле учурда импорттук жүктөрдү да натыйжалуу жеткирүүгө шарт түзүлөт.
Буга чейин негизинен Россия багыты аркылуу жүк ташып келгенбиз. Бирок, дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу альтернативдүү транспорттук багыттарды өнүктүрүү мезгил талабы болуп калды. Ошондуктан, бул долбоорду саясий эмес, биринчи кезекте экономикалык мүмкүнчүлүк катары кароо керек.
– Бирок, коомдогу негизги кооптонуу башка. «Темир жол менен кошо кытайлар да каптап кетет» деген пикирлер айтылып жатат. Кытай жарандары көбөйүп кетет деген кооптонууга негиз барбы?
– Мен мындай пикирлерди түшүнөм. Бирок, маселеге эмоция менен эмес, фактыларга жана мыйзамга таянып кароо керек. Ар бир мамлекет чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүн, иштөөсүн жана жашоосун өз мыйзамдары аркылуу жөнгө салат. Кыргызстанда да ушундай тартип бар. Ким болбосун кытайбы, оруспу же башка өлкөнүн жараныбы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттүү. Эгер мыйзам бузса, мыйзам чегинде жооп берет. Ошондуктан, «каптап кетет» деген кооптонууга караганда, мыйзамдардын так аткарылышына көбүрөөк көңүл буруу зарыл.
– Кытай акыркы жылдары Кыргызстанга эң көп инвестиция салган өлкөлөрдүн бири болуп калды. Бул эмнеден кабар берет?
– Менимче, бул эки мамлекеттин ортосундагы ишенимдин бекемделгенинен кабар берет. Эгемендүүлүк алгандан кийин эң алгачкылардан болуп Кытай менен чек ара маселесин чечкенбиз. Кытай бул маселеде конструктивдүү позицияны карманган. Болбосо сүйлөшүүлөр узакка созулуп, чек ара маселеси чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн эле.
Коңшу мамлекеттер ортосунда талаштуу маселелердин чечилиши экономикалык кызматташтык үчүн да жакшы шарт түзөт. Кытай коңшу өлкөлөр менен туруктуу мамиледе болууга кызыкдар экенин дайыма айтып келет. Алардын тышкы саясатындагы негизги багыттардын бири коңшу мамлекеттер менен тынчтык жана туруктуу мамиле түзүү. Ошондуктан, Кыргызстан да бул мамилени өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде өнүктүрүшү керек.
– Соцтармактарда кытай жарандары катышкан майда окуялар бат эле улут аралык маселе катары көрсөтүлүп кетет. Бул көрүнүштү кандай баалайсыз?
– Тилекке каршы, мындай көрүнүштөр болуп келет. Эки жарандын ортосундагы тиричилик жаңжалы же түшүнбөстүк дароо эле улут аралык маселеге айланып кеткен учурлар бар. Кээде айрымдар мындай окуяларды атайылап чоңойтуп, коомдо чыңалууну жаратууга аракет кылышы мүмкүн. Ошондуктан, ар бир окуяга биринчи кезекте укуктук баа берилиши керек. Эгер бул жөнөкөй мыйзам бузуу болсо, аны ошол деңгээлде карап, улут аралык маселе кылып жибербөө зарыл.
– Бүгүнкү күндө айрым жарандарда «Кытайдан коркуш керекпи же бул мүмкүнчүлүктү колдонуш керекпи?» деген суроо турат. Кыргызстан кандай жолду тандашы керек?
– Биз биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Ар бир өлкө өзүнүн коопсуздугун, эгемендүүлүгүн, жерин, жаратылыш байлыктарын жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү. Бул үчүн эң негизги курал күчтүү мыйзам жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик башкаруу. Бизге инвестиция да керек, өнүгүү да керек. Бирок, ошол эле учурда ар бир долбоор мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бериши зарыл жана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылышы керек.
Чет өлкөлүк инвестор болобу же башка мамлекеттин жараны болобу Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого тийиш. Мыйзам баарына бирдей иштегенде гана мамлекеттин кызыкчылыгы корголот. Коомдо ар кандай кооптонуулар айтылышы табигый көрүнүш. Бирок, ар бир маселени эмоция менен эмес, фактыларга, мыйзамга жана улуттук кызыкчылыкка таянып баалашыбыз керек.
– Кытай менен кызматташууда Кыргызстан эмнеге өзгөчө көңүл бурушу керек?
– Эң негизгиси тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтык болушу керек. Биз бир мамлекетке көз каранды болуп калбашыбыз керек, ошол эле учурда мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбашыбыз зарыл. Албетте, жарандардын сын айтууга укугу бар. Сын коомдун өнүгүшүнө жардам берет. Бирок, сын менен кошо жоопкерчилик да болушу керек. Ар бир адам «Мамлекет мага эмне берет?» деген суроо менен эле чектелбестен, «Мен мамлекетиме кандай пайда алып келе алам?» деген суроону да өзүнө берип турушу керек. Өлкө бир гана өкмөт эле эмес, коомдун жана ар бир жарандын аракеттери менен өнүгөт.
– Кытай тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жаткан учурда кыргыз элине кандай ой айтат элеңиз?
– Биз коркуу менен эмес, акыл менен аракет кылышыбыз керек. Коңшу мамлекеттер менен жакшы мамиле түзүү бул алсыздык эмес. Тескерисинче, бул мамлекеттин туура тышкы саясаты. Ошол эле учурда өз кызыкчылыгыбызды, мыйзамдарыбызды жана эгемендүүлүгүбүздү бекем сакташыбыз керек.
Кыргызстан байыркы тарыхы, өз маданияты жана мамлекеттүүлүгү бар өлкө. Биз кимдир бирөөдөн коркуп эмес, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү туура пайдаланып, алдыга жылышыбыз керек. Эң башкысы мыйзам үстөмдүк кылган, мамлекет жоопкерчиликтүү, коом сабырдуу болгон шартта гана Кыргызстан өз мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана алат.
Чынайым Кутманалиева