Алиман Дозалиева, Аламүдүн районундагы Абдыкерим Сыдыков атындагы айыл аймагынын өкмөт башчысы: Учур талабын аткарууга белсенип кириштик

5-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 92

– Алиман Тоштуковна, жогорку жооптуу жетекчилик кызматка айымдардан тандап алуу чынында татаал. Ошондон улам чыгар мырзаларга караганда айымдар жетекчиликке сейрек келет. Эл-журттун сынынан өтүү, жоопкерчиликти моюндоо парзы оор. Сиз кандайча бийик ишке бел байлап калдыңыз?

– Биринчиден, элимдин ишениминен четтей албадым. Эмгек баяныма токтолсом: алгач тарбиячы болуп мектепке чейинки мекемеде иштеп, ата-энелердин балдарга болгон сүйүүсүнө таасирлендим. Айыл эли менен жуурулушуу жумушум ушундайча башталган. Кесибим экономист болгондуктан айыл өкмөтүнө өтүп, салык боюнча инспекторлук ишти илгерилете баштадым. Ток этерин айтканда, айыл эли менен болгон тыгыз байланыш мына ушул айыл өкмөттөн тереңдеди.

Ал эми жетекчилик жигерге кайрылсам, сиз туура баамдагандай айымдардан жетекчиликке жетүү ирмемдери оңой эмес. Аял затынын коомдогу, айрыкча үй-бүлөдөгү орду опол тоодой.  Өмүрлүк жарлык, энелик милдеттерди мизилдетип аткаруу кайдан жеңил болсун. Мына ушул багытта баамдасак, аял затына биринчи кезекте үй-бүлөдөн тирек керек. Ал ким?! Ал албетте, бармактайдан баш кошкон өмүрлүк жолдошуң  экени талашсыз. Ынтымагың бекем жана терең болсо, эр азамат эркегиң колдоп турса ошондо гана айымдар жетекчилик эки тизгин, бир чылбырды колуна алышат. Бул жагынан алганда мен өмүрлүк жолдошума ыраазымын. Укук коргоо органында иштегендиктен эртерээк пенсияга чыккан. Айыл өкмөт башчылыкка дайындалып, элдин мүдөөсүн аткарууга аттандым. Эрте кетип, кеч келген учурларда жадырап тосуп, жайымды сурап, кеңешин берип, бел болгону үчүн ишим илгерилей баштады. Кичинекей мамлекетиң бекем болгондо гана чоң мамлекеттик иштин казанында кайнап, кабагым-кашым дебестен калкка карууңду казык кылууга чыгынат экенсиң.

Кудайга шүгүр, балдарыбыз эр жетип, жогорку окуу жайларда окуп жатышат. Атасынын темирдей таалими аларга тирек. Айтайын дегеним, айымдардын ичинен не деген улуу инсандар чыкпады. Ошол улуу даанышман энелерибиз Каныкей, Айчүрөк, Курманжан даткалардын жолун уланткан мыкты кыздарыбыз арабызда арбын. Уучубуз куру эмес. Калк сыйлаган уулдарыбыз, кыздарыбыз Мекен жүгүн көтөрүп, мамлекетибиздин чамгарагын көкөлөтө берели.

Айтканыңыз келсин. Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы боюнча жолугушуулар болуп өттү. Учурда улантуу иштери илгерилеп жатабы?

– Президентибиз туура белгилегендей, таза суу, жол, турак жай, жер  жана башка көйгөйлөр арбын. Биздин айыл аймакта негизинен сексен пайыз чет мамлекеттерден көчүп келген этникалык кыргыздар жашайт. Ошол себептен улам турак жайга болгон муктаждык курч. Башка айыл аймактарындагы жер басып алуу көйгөйлөрү бизде да болуп келген. Укук коргоо органдары менен биргеликте көзөмөлдү күчөтүп, учурда мына ушул маселелердин үстүндө иштешип жатабыз

Менин ар күнкү ишим кабинеттен башталбайт. Жаңы конуштардан башталат. Кыдырып карап чыгам.  Жерлердин четинен кетилишине жол бербешибиз керек. Буга чейинки жер маселесин мыйзам чегинде карап, чечүү зарыл. Мындан ары ээн баштыкка жол берилбейт. Жер мунапысы боюнча иштер мыйзам чегинде илгерилеп жатат.

Мурда союз учурунда айыл аймакта жүзүмчүлүк чарбасы абдан өнүгүп, ал тургай вино чыгаруучу ата мекендик завод да иштеген эмеспи. Союз ыдырагандан кээринен кетти, кайран жүзүмчүлүк чарбасы таланды, талкаланды. Кайрадан калыбына келтирүү кадамы башталды дешүүдө, аныкпы?

– Айыл жерлерине өндүрүштүк ишканаларды ачсак, албетте жумушсуздук кыскарат. Мамлекеттик мүлк фондусу тарабынан вино заводун ачуу боюнча иштер жанданууда. Багбандарыбыз жүзүм өстүрүүнү колго алышса, ырас эле жергиликтүү элдин ишеними бекемделет.

Жолугушууда айтылгандардан бала бакча жана мектеп, жол оңдоо иштери жүрүүдө. Жаңы заманбап техникаларды алдык. Бардык иштерди айта берсек кагаз бетине сыйбас.

Айталык, кичи футбол талаасы пайдаланууга берилди. Таза суу боюнча долбоор ишин улантууда. Нечен жылдан бери кароосуз калган Жеңиш паркындагы эстелик кайрадан элдин күчү менен жаңыланды. Жергиликтүү ишкер инсандарыбызга рахмат. Сугаруу системалары жаңыланды, жашылдандырылып, 300 көчөт олтургузулду.

Баарынан да социалдык колдоого муктаждардын жарпы жазылууда. 16 үй-бүлө колдоо алышты. Эски китепкана капиталдык оңдоодон өтүүдө. Көчөлөр асфальтталууда.

Башкы максатыбыздын туу башы эл талаптарын жеринде чечүү болуп саналат. Бардык күчүбүз элдин кызыкчылыгына жумшала бермекчи.

Айчүрөк Макешова

5-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X