Алишер Козуев «Кара-Суу» футбол клубунун президенти болуп шайланды
«Кара-Суу» футбол клубунун президенти болуп Жогорку Кеңештин VII жана VIII чакырылыштарынын депутаты Алишер Козуев шайланды. Ал эми клубдун директорлук кызматына Нурсултан Кадырбеков дайындалды.
Жаңы жетекчилерди тааныштыруу аземи 28-июлда өткөн жумушчу жолугушууда өттү. Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун жана шаарынын жетекчилери, клуб өкүлдөрү жана футбол коомчулугу катышты.
2026-жылдын башында негизделген «Кара-Суу» учурда Кыргызстандын Улуттук лигасында күч сынашууда. Команда экинчи айлампанын жыйынтыгы менен «Б» тайпасында биринчи орунду ээлеп, ийгиликтүү оюн көрсөтүп келет.
Клубдун негизги максаты — заманбап окуу-машыгуу базасын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана команданын деңгээлин көтөрүү. «Кара-Суу» алдыга койгон максаты — Кыргызстандын Жогорку лигасына чыгуу.
Кыргыз футбол биримдиги аймактарда футболду өнүктүрүү жана кесипкөй клубдардын санын көбөйтүү багытында иш алып барууда. Бул багытта Кара-Суу району түштүк аймактагы келечектүү футбол борборлорунун бири катары каралууда.