Алмамбет Шыкмаматов: «330 млрд сомдон 360 млрд сомго чейин салык чогултабыз»

3-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов алдыда 330 млрд сомдон 360 млрд сомго чейин салык жыйноо пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал “Биринчи радионун” түз эфиринде айтты.

Анын айтымында, Салык кызматы тарабынан чогултулган каражат түздөн-түз мамлекеттик бюджетке түшөт жана анын бөлүштүрүлүшү элдин кызыкчылыгына жараша жүргүзүлөт.

“Биз салык чогултабыз, бирок ал каражат казынага түшөт. Ал жактагы акчаны эл өзү — мектеп, оорукана куруу, пенсия менен айлык акыны жогорулатуу сыяктуу муктаждыктарга бөлүштүрөт. Элдин бир жылдык ырыскысы Жогорку Кеңеш аркылуу талкууланып, адилеттүү чечим кабыл алынат. Анткени бюджетти парламент бекитет”, — деди ал.

3-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X