Алмасбек Абытов ЖКнын Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды

23-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20

Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.

Алмасбек Абытов буга чейин Президент менен Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеп келген. 13-февралда анын кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы маалымдалган.

23-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X