Алмаз Букалаев: Кыргызстан ШКУда бир катар демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырды

Шанхай кызматташтык уюму — коопсуздукту, экономиканы жана маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган туруктуу өкмөттөр аралык эл аралык уюм. ШКУнун юбилейлик саммити быйыл Кыргызстанда өтөт. Бул эл аралык иш-чарага дыкат даярдыктар көрүлүүдө. Ушу тапта Бишкекте уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн министрликтеринин деңгээлинде иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул өңүттө ШКУнун саммити, уюмдун аткарган иш-максаттары, уюмга Кыргызстандын кошкон салым, демилгелери туурасында Кыргыз Республикасынын ШКУдагы Улуттук координатору Алмаз Букалаев айтып берди.

— Алмаз Камчыбекович, ШКУнун түзүлгөнүнө быйыл 25 жыл болду. Бул аралыкта уюм тынчтыкка умтулуунун, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүп келет. Уюм алдына коюлган максаттарды кандай ишке ашырып жатат?
— Бул маанилүү окуя ШКУнун аймактык туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда маанилүү ролду ойногон абройлуу эл аралык түзүм катары жетилгендигин баса белгилейт. Бул чейрек кылым ичинде Уюм “Шанхай бештигинен” он мамлекеттин союзуна чейинки жолду басып өтүп, эл аралык мамилелердин азыркы системасынын маанилүү тиреги болуп калды.
Бүгүн Шанхай кызматташтык уюму – бул азыркы замандын ири эл аралык аянтчаларынын бири жана маданий каада-салттары жана саясий системалары ар башка, бирок тынчтыкка, туруктуулукка жана биргелешкен өнүгүүгө умтулуу менен байланышкан Азия, Европа жана Африка өлкөлөрүнөн турган 10 мүчө мамлекетти, 17 байкоочуну жана диалог боюнча өнөктөштөрдү бириктирет. Уюм планетанын калкынын болжол менен 42%ын, дүйнөлүк ИДПнын 23%га жакынын түзөт. Бул көрсөткүчтөр ШКУ жөн гана аймактык бирикме эмес, глобалдык диалогдун, дипломатиянын жана стратегиялык өнөктөштүктүн таасирдүү борбору экенин ачык көрсөтүп турат.

— Ал эми ШКУнун алкагында ар кандай деңгээлдеги орган, бирикмелер түзүлгөн. Алардын алкагында кандай иштер жүргүзүлүүдө?
— Бириккен Улуттар Уюму жана анын адистештирилген органдары, ошондой эле Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы, Экономикалык кызматташтык уюму, Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеси, Евразия экономикалык комиссиясы, Араб мамлекеттеринин лигасы, Кызыл Крест эл аралык комитети жана башка эл аралык уюмдар жана бирикмелер менен кызматташтык түзүлгөн. ШКУнун 29 уставдык органы негизделген. Анын ичинде Мамлекет башчыларынын кеңеши, Өкмөт башчыларынын кеңеши, Тышкы иштер министрлеринин кеңеши, Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин кеңешмелери, Улуттук координаторлордун кеңеши, ошондой эле ар кандай чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнүн 40тан ашык жумушчу механизми бар. ШКУнун 6 өкмөттүк эмес механизми иштейт. Бул банктар аралык бирикме, университет, ишкерлер кеңеши, жаштар кеңеши, форум, экономикалык аналитикалык борборлордун консорциумун атасак болот. Мындан тышкары, ШКУнун элдик дипломатиясынын 5 институту өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ал Бишкектеги Маданий-интеграциялык борбор, Пекин шаарындагы Кытайдын ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитети, Ташкент шаарындагы Элдик дипломатия борбору жана Москва шаарындагы Элдик дипломатиянын улуттук борбору. Демек, ШКУнун алкагында иштеп жаткан ар кандай деңгээлдеги практикалык механизмдер жана ишенимдүү келишимдик-укуктук база мүчө мамлекеттердин ортосундагы саясий координацияны чыңдоо, коопсуздукту камсыз кылуу, туруктуу экономикалык өсүштү жана ШКУнун бардык аймагында гуманитардык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында көп тармактуу кызматташтыкты динамикалуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Уюмдун жакынкы он жылдыктагы келечеги жана ШКУга жаңы мамлекеттердин кирүүсү күтүлөбү?
— Уюмдун кеңейиши жана келечеги жөнүндө айта турган болсок, эл аралык коомчулуктун кызыгуусу анын принциптеринин жашоого жөндөмдүүлүгүн тастыктайт. Жаңы өнөктөштөрдүн кошулушу ШКУну жалпы гүлдөп-өнүгүү идеясынын тегерегинде бүтүндөй аймактарды бириктирген универсалдуу платформага айландырат. Келечекте уюм дүйнөдөгү туруктуулуктун негизги борборлорунун бири катары бекемделип, конструктивдүү кызматташууга ачык болуп, ШКУ мейкиндигинде ар тараптуу өнүгүүнүн кепилдиги катары чыгат.

Ал эми 25 жыл ичинде Кыргызстан ШКУнун алкагында кандай долбоорлорго катыша алды жана биздин өлкөнүн кандай демилгелери ишке ашты?
— Кыргыз Республикасы уюмду түптөөчү мамлекеттердин бири катары ШКУнун кадыр-барктуу аймактык мамлекеттер аралык түзүм катары калыптанышына жана бекемделишине башынан эле активдүү салым кошуп келет. Региондун коопсуздугу үчүн биргелешкен жоопкерчилик принциптерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасы өз убагында ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүн (РАТС) түзүү демилгеси менен чыкканын баса белгилегим келет. 2002-жылы ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүнүн механизмин ишке киргизүү боюнча биринчи жолугушуусу терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө биргелешкен кызматташтыктын уюштуруучулук-укуктук негиздерин калыптандырууну түптөй алды. Кыргыз Республикасы ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо курсун ырааттуу колдойт. Сөз РАТСты этап-этабы менен өркүндөтүү жана анын базасында Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору кире турган Универсалдуу борборду түзүү жөнүндө болуп жатат. Борборду түзүү чечими кабыл алынган. Кыргыз тарап ШКУ боюнча өнөктөштөр менен биргеликте аны ачууга багытталган иш жүргүзүүдө. Бул контекстте биздин адистештирилген Борборду түзүү демилгеси өз убагында жана талап кылынган кадам катары каралууда.
ШКУнун институционалдык калыптанышынын маанилүү этабы болуп 2007-жылы Бишкекте Узак мөөнөттүү ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлушу саналат. Бул келишимде суверенитетти өз ара сыйлоо, аймактык бүтүндүктү сактоо жана ички иштерге кийлигишпөө сыяктуу негизги принциптер камтылган. Биз экономикалык жана инфраструктуралык биргелешкен долбоорлорду колдоонун натыйжалуу куралы боло ала турган ШКУнун Өнүктүрүү банкын тез арада түзүү боюнча демилгени ырааттуу түрдө колдойбуз. Жалпысынан алганда, өткөн 25 жылдын ичинде Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырды. Анын ичинде маданий-гуманитардык, масштабдуу спорттук иш-чаралардагы демилгелерди да кошсок болот. Кыргызстан өзүнүн идеялары жана долбоорлору бүгүнкү күндө ШКУнун бардык мейкиндиги үчүн туруктуу келечектин күн тартибин түзүүчү конструктивдүү күч катары ордун бекемдеди. Ошентип, Кыргызстан 25 жылдын ичинде өзүнүн конструктивдүү күч ролун бекемдеди. Идеялары жана долбоорлору бүгүнкү күндө ШКУнун бардык аймагы үчүн туруктуу келечектин күн тартибин түзүп келет.

Юбилейлик саммит быйыл Кыргызстанда өтөт, төрагалык кылуунун алкагында эмнелерге жетишсек болот?
— Юбилейлик 2026-жыл ШКУнун тарыхында жаңы баракты ачат. Кыргызстан үчүн Уюмдун 25 жылдыгында ага төрагалык кылуу чоң сыймык жана жоопкерчилик. Биздин төрагалыгыбыз “ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге” деген ураандын алдында өтүп, талкуудан практикалык натыйжаларга өтүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалык кылуу планы саясат жана коопсуздук, соода, экономика, каржы жана инвестиция, маданий жана гуманитардык байланыштар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 40тан ашык масштабдуу иш-чараларды камтыйт. Биздин төрагалык кылуу мезгилинде Уюмдун иштешин жана практикалык механизмдерин заманбап талаптарга жооп бергидей кылып өркүндөтүүгө багытталган комплекстүү чараларды кабыл алуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын төрагалыгы ШКУнун эбегейсиз зор потенциалын бардык мүчө мамлекеттердин элдеринин жыргалчылыгына жана гүлдөп-өсүшүнө багыттоого чакырылган жаратман демилгелердин мезгили болот деп ишенем.

Саммитте кайсы маселелерге басым жасалышы мүмкүн?
— Саммиттин көңүл чордонунда, биринчи кезекте, коопсуздук жана туруктуулук маселелери турат. Сөз терроризмге, экстремизмге каршы биргелешкен күрөш, ошондой эле киберкылмыштуулук жана трансулуттук кылмыштуулук сыяктуу жаңы чакырыктар жөнүндө болуп жатат. Экономикалык күн тартиби маанилүү орунду ээлейт. Инвестицияларды активдештирүү, ШКУнун финансылык механизмдерин, Өнүктүрүү банкын түзүү маселеси талкууланаары күтүлүүдө. Ошондой эле транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө жана региондун өз ара байланышын чыңдоого басым жасалат. Аны менен катар санариптештирүүгө да өзгөчө көңүл бурулат. ШКУ мейкиндигинде экология, климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери да көңүл сыртында калбайт. ШКУга мүчө мамлекеттер жаратылыш чакырыктарына жооп кайтаруу жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн күч-аракеттерди координациялоого кызыкдар. Албетте, күн тартибинин маанилүү бөлүгү болуп элдердин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык саналат. Саммиттин маданий-гуманитардык багыты Айтматов форуму жана эл аралык Ысык-Көл марафону сыяктуу маанилүү иш-чаралардын жыйынтыктарын бириктирип, элдик дипломатиянын ролун баса белгилейт. Саммиттин жыйынтыгында ШКУнун көп тараптуу долбоорлору, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары ШКУнун жалпы максаттары менен шайкеш келүүчү Бишкек декларациясына кол коюлат. ШКУ мейкиндигинде жалпы гүлдөп-өнүгүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү чечимдерди кабыл алууга ишенимдүү түрдө кадам таштоого мүмкүндүк берет. Биз юбилейлик саммит жөн гана салтанаттуу иш-чара болбостон, уюмдун сапаттык трансформациясынын учуру болушун, масштабдуу көп тараптуу демилгелерди практикалык ишке ашыруу этабына өтүшүн каалайбыз.

Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X