Алмаз Ибраев: Кыргыз-Түрк “Манас” университети заманбап адистерди даярдоого өттү
Быйыл Кыргыз-Түрк “Манас” университети 30 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Ушул убакыт аралыгында окуу жай Кыргызстандагы гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүндөгү эң таасирдүү билим берүү жана илимий борборлордун бирине айланды. Бүгүн “Манас” университети заманбап технологияларды, эл аралык билим берүү моделин жана улуттук баалуулуктарды айкалыштырган уникалдуу академиялык чөйрө катары бааланууда.
Университеттин биринчи проректору, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев менен болгон маекте жасалма интеллект, медицина, эл аралык билим берүү, санариптик трансформация жана университеттин стратегиялык келечеги тууралуу баарлаштык.
– Алмаз Орозакунович, “Манас” университети акыркы жылдары жаңы багыттарды активдүү өнүктүрүп жатат. Быйыл кайсы тармактарга өзгөчө басым жасалууда?
– Азыр дүйнө толугу менен өзгөрүп жатат. Эски билим берүү системасынын ордуна технологияга, аналитикалык ой жүгүртүүгө жана инновацияга негизделген жаңы модель келди. Ошондуктан университет дагы заман талабына жараша өзгөрүүгө милдеттүү. Биз быйыл жасалма интеллект, киберкоопсуздук, IT жана инженерия багыттарына өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Себеби келечекте эң чоң суроо-талап дал ушул тармактарда болот. Бүгүн жасалма интеллект жөн гана IT тармагы эмес, медицинадан тартып экономикага, билим берүүгө, мамлекеттик башкарууга чейин бардык системаларды өзгөртүп жатат.
Ошондуктан биздин максат жөн гана диплом берүү эмес, дүйнөлүк деңгээлде атаандаша ала турган адистерди даярдоо. Азыр бул тармактар боюнча күчтүү факультеттерди түзүү аракеттери жүрүүдө. Түркиядан атайын адистер чакырылып, жаңы билим берүү программалары даярдалып жатат. Биз студенттерге теория менен гана чектелген билим бергибиз келбейт. Жасалма интеллект лабораториясыз, практикалык изилдөөсүз өнүкпөйт. Ошондуктан акыркы жылдары жаңы лабораториялар, санариптик борборлор жана практикалык платформалар ачылды.
– Жасалма интеллект боюнча билим берүүдө кандай өзгөчөлүктөр болот?
– Бул жерде эң негизги маселе келечекти алдын ала көрө билүү. Азыр дүйнөнүн эң алдыңкы университеттери AI багытындагы адистерди даярдоого өтүп жатат. Биз дагы бул процесстен артта калбашыбыз керек. Жасалма интеллект боюнча адис даярдоодо бир гана программалоону үйрөтүү жетишсиз. Студент математиканы, маалымат анализин, алгоритм түзүүнү, киберкоопсуздукту жана инженердик логиканы дагы терең түшүнүшү керек. Ошондуктан биз бул программаларды комплекстүү негизде куруп жатабыз. Мындан тышкары, технология менен гуманитардык дүйнөнү айкалыштыруу дагы абдан маанилүү. Анткени келечекте техникалык билими күчтүү, ошол эле учурда аналитикалык ой жүгүртө алган адистер эң көп талап кылынат.
– Университеттин жаңы ачылып жаткан медицина факультети дагы коомчулукта чоң кызыгуу жаратууда. Бул тууралуу да айтып берсеңиз…
– Медицина факультети биздин эң стратегиялык долбоорлорубуздун бири. Бүгүн дүйнөлүк деңгээлде даярдалган медицина адистерине чоң муктаждык бар. Ошондуктан бул факультетти ачууда кадимки билим берүү моделинен алысыраак, эл аралык интеграцияланган системаны түзүүгө аракет кылдык. Бул Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы атайын биргелешкен программа. Студенттер алгачкы үч жылды Кыргызстанда окушат. Бул аралыкта алар фундаменталдык медициналык билим алышып, анатомия, физиология, биохимия, клиникалык даярдык сыяктуу негизги багыттарды өздөштүрүшөт. Андан кийин 4–5–6-курстарда Түркиядагы Саламаттыкты сактоо университетинде окуусун улантышат. Ал жакта студенттер түздөн-түз чоң клиникаларда, заманбап медициналык борборлордо практикадан өтүшөт. Башкача айтканда, алар жөн гана аудиториялык билим албайт, чыныгы медициналык системанын ичинде иштөөнү үйрөнүшөт.
Бул программанын эң чоң артыкчылыгы студент эки өлкөнүн медициналык тажрыйбасын көрөт. Кыскасы, Кыргызстандагы медициналык академиядан кем эмес билим алышат. Анткени, Түркия акыркы жылдары медицина тармагында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Айрыкча санариптик медицина, клиникалык менеджмент жана медициналык технологиялар боюнча тажрыйбасы күчтүү.
Биздин максат – жөн гана диплом алган дарыгерди эмес, дүйнөлүк стандартта иштей алган, технологияны түшүнгөн, илимий изилдөө жүргүзө алган жаңы муундагы медицина адистерин даярдоо.
– Университетте тил үйрөтүү маселесине кандай көңүл бурулат?
– Биринчиден, медицина факультетине тапшырган студенттерди кошкондо, Кыргызстандан жана башка чет өлкөлөрдөн келген, түрк тилин билбеген бардык студенттер үчүн түрк тилин үйрөнүү маселесине өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле кыргыз тилин билбеген студенттер да бир жыл бою кыргыз тилин үйрөнүп, андан кийин негизги окуусун улантышат. Бул студенттердин академиялык чөйрөгө тез аралашуусуна, маданий адаптациясына жана сапаттуу билим алуусуна чоң өбөлгө түзөт.
– Медицина факультетинде окуган студенттер дагы кандай артыкчылыктарга ээ болушат?
– Медицина факультетинин студенттери үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын жана Түркиянын дипломун алышат. Ошондой эле Түркиядагы Саламаттыкты сактоо университети менен биргелешкен программа аркылуу үч дипломго ээ болушат.
– Медицина факультетин бүтүргөндөр Кыргызстанга келип иштөөгө милдеттендирилеби?
– Азырынча аларга Кыргызстанга келип милдеттүү түрдө иштөө боюнча талап коюлган эмес. Бирок, биздин чоң үмүтүбүз чет өлкөдө алган билимди өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө жумшаган адистерди көбөйтүү.
– Кыргызстанда эл аралык деңгээлде иш алып барган университеттер бар. Алардан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кандай артыкчылыгы бар?
– Кыргызстанда эл аралык деңгээлде иш алып барган университеттер анча көп эмес. “Манас” университетинин эң чоң артыкчылыгы — бул жерде эки мамлекеттин эң күчтүү адистери иштейт. Ошондой эле дагы бир чоң артыкчылыгыбыз толугу менен акысыз билим берүү системасы. Университетте контракттык негиз жок. Тескерисинче, студенттерге стипендия берилет. Бул жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүк.
Экинчиден, Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргызстандагы өзгөчө макамга ээ, толук кандуу билим берүү шарттары түзүлгөн жападан жалгыз университеттердин бири болуп саналат. Университет өзүнүн билим берүү ишмердүүлүгү, студенттерге түзүлгөн шарттары жана стипендиялык мүмкүнчүлүктөрү менен гана эмес, жаштардын адеп-ахлактык тарбиясына, маданий аң-сезиминин калыптанышына жана улуттук-руханий баалуулуктарды өнүктүрүүгө да чоң салым кошуп келет.
– Учурда университетте канча студент билим алууда?
– Азыр университетте 6 миң 500дөн ашуун студент билим алууда. Алардын арасында 14 мамлекеттен келген жаштар бар. “Манаска” болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүүдө. Акыркы жылдары бир орун үчүн орточо 15 абитуриент ат салышып келет. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынан кийин кабыл алуу сынактары башталат. Кудай буюрса, быйыл 1500гө жакын студент кабыл алууну пландап жатабыз.
– Жаңы ачылып жаткан факультеттерге канчадан студент кабыл алынат?
– Ар бирине 25тен студент кабыл алабыз деген планыбыз бар.
– Университеттин илимий жана эл аралык багыттагы ишмердүүлүгү тууралуу эмне айта аласыз?
– Университеттин илимий потенциалы дагы жыл сайын өсүп жатат. Акыркы мезгилде Web of Science жана Scopus базаларындагы илимий макалаларыбыздын саны кыйла көбөйдү. Бул биздин дүйнөлүк академиялык чөйрөдөгү аброюбуздун өсүп жатканын көрсөтөт. Азыр дүйнөнүн 226 университети менен кызматташып жатабыз. “Erasmus” программалары аркылуу студенттер менен окутуучулар чет өлкөлөрдө тажрыйба алмашып турушат.
Мындан тышкары, “Манас” университети дүйнөлүк рейтингдерде дагы чоң ийгиликтерге жетишти. Кыргызстандагы ЖОЖдордун ичинен дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин катарына кирген алгачкы университет болдук. QS рейтингинде Борбордук Азиядагы эң мыкты 10 университеттин арасында турабыз.
– Санариптештирүү жана инфраструктуралык өнүгүү боюнча кандай иштер жүрүүдө?
– Санариптик трансформация — биздин негизги артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Университет өзүнүн eMANAS тиркемесин иштеп чыгып, окуу процессин толугу менен санариптик негизге өткөрүп жатат.
Акыркы беш жыл ичинде 23 жаңы лаборатория жана практикалык борбор ачылып, университеттин материалдык-техникалык базасы кыйла кеңейтилди. “Жашыл кампус” концепциясынын алкагында 1000 орундуу кыздар жатаканасы, Спорт илимдери факультетинин жаңы имараты, Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасы жана Технопарк сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылууда.
– Кампустун өзгөчөлүгү эмнеде?
– Биздин кампус жөн гана окуу жай эмес. Бул жерде илим, маданият, спорт жана чыгармачылык бир бүтүн система катары өнүгөт. Университеттин аймагында Бишкектеги жалгыз көк бөрү аянтчасы жайгашкан. Бул биздин улуттук баалуулуктарга болгон мамилебизди көрсөтөт. Ошондой эле жогорку технологиялуу лабораториялар, Ветеринария факультетинин жаныбарлар ооруканасы, Манас ТВ студиялары жана жашыл кампус аймактары университеттин заманбап инфраструктурасын айкын көрсөтүп турат.
– Университеттин негизги стратегиялык максаты кандай?
– Биздин эң чоң максатыбыз — жакынкы жылдары дүйнөнүн эң мыкты 500 университетинин катарына кирүү. Бирок, негизги маселе рейтинг эмес. Эң башкысы сапаттуу билим берүү. Биз Кыргызстанга жана түрк дүйнөсүнө жаңы муундагы интеллектуалдык лидерлерди даярдоону каалайбыз. Ошондуктан жасалма интеллект, медицина, киберкоопсуздук жана инженерия сыяктуу тармактарга өзгөчө басым жасалып жатат. Анткени келечекти өзгөртө турган күч билимдүү, технологияны түшүнгөн жана дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүртө алган жаштар болот.
Чынайым Кутманалиева