Алмаз Имангазиев Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолукту

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 117

Министр Алмаз Имангазиев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушуп, эмгек рыногун өнүктүрүү жана социалдык коргоо системасын өркүндөтүү багытындагы кызматташтыкты талкуулады.

Жолугушуу Дүйнөлүк банктын «Эмгек рыногунун жана социалдык коргоонун программаларын чыңдоо» долбоорунун алкагында өттү. Тараптар долбоордун ишке ашырылышын, аткарылып жаткан иштердин жыйынтыктарын жана алдыдагы артыкчылыктуу милдеттерди карап чыгышты.Возможно, это изображение один или несколько человек и костюм

Талкуунун негизги өзөгүн жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана калкты социалдык жактан колдоо механизмдерин жакшыртуу маселелери түздү.

Ошондой эле долбоордун иш-чараларын натыйжалуу ишке ашыруу, эмгек рыногундагы программаларды өнүктүрүү жана социалдык жардамдын даректүүлүгүн жогорулатуу боюнча мындан аркы кадамдарга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар белгиленген максаттарга жетүү үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн жана биргелешкен иштерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 117
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X