Алмазбек БЕЙШЕНАЛИЕВ, Борбордук Азия Регионалдык Институтунун директору: “БУЛ ДОЛБООР ЖАҢЫ КЕСИПТЕРДИ ӨЗДӨШТҮРҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ”
Өкмөттүн атайын токтому менен ишке аша баштаган «Мектеп 21 – санариптик технологиялар мектеби» долбоору өлкөдө санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Бул мектеп жаштарга заманбап IT-технологияларды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Борбордук Азия Регионалдык Институтунун директору Алмазбек Бейшеналиев менен долбоордун санариптик сабаттуулукка жана IT‑адистерди даярдоого тийгизген таасири боюнча баарлаштык.
— Алмазбек Бейшеналиевич, «Мектеп 21 – санариптик технологиялар мектеби» долбоору өлкөдөгү санариптик билим берүүнүн өнүгүшүнө кандай таасир берет?
— Бул долбоор Кыргызстанда санариптик билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу түрткү берет деп эсептейм. Ал жаңы форматтагы IT‑билим берүүнү киргизип, жаштарга заманбап технологияларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай мектептер өлкөдө инновациялык ой жүгүртүүнү жана технологиялык экосистеманы өнүктүрүүгө жардам берет. Ошол эле учурда кадрдык камсыздоо, инфраструктура жана туруктуу каржылоо маселелери сыяктуу айрым тобокелчиликтер да болушу мүмкүн.
— IT-программаларды акысыз өздөштүрүү демилгеси санариптик сабаттуулукту канчалык жогорулатат?
— Акысыз билим берүү мүмкүнчүлүгү калктын ар кандай катмарына IT тармагына кирүүгө жол ачат. Бул санариптик сабаттуулуктун жогорулашына жана жаңы кесиптерди өздөштүрүүгө чоң жардам берет. Бирок бардык жарандардын бул мүмкүнчүлүктү бирдей пайдаланышы үчүн маалымат жеткирүү жана тандоо процесси ачык болушу маанилүү.
— Бул долбоор IT-адистердин тартыштыгын жоюуга канчалык салым кошо алат?
— «Мектеп 21» эмгек рыногунда талап кылынган практикалык көндүмдөрү бар адистерди даярдоого багытталгандыктан, IT-адистердин жетишсиздигин азайтууга салым кошо алат. Эгер окуу программалары рыноктун талабына ылайык жаңыланып турса, бул долбоор өлкөнүн технологиялык секторун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Жалгыз гана бир мекеме аркылуу дээрлик маселени чечүү мүмкүн эмес. Тагыраагы, жалгыз мекеме кырдаалды толук жөнгө салууга жетишпей калат.
— Инновациялык методикалар салттуу билим берүү системасына кандай өзгөрүү алып келет?
— Инновациялык окутуу ыкмалары студенттерди өз алдынча үйрөнүүгө, командада иштөөгө жана практикалык тапшырмалар аркылуу билим алууга үйрөтөт. Бул салттуу теориялык окутуудан айырмаланып, натыйжалуу жана заманбап билим берүү моделин түзөт. Бирок жаңы методикаларды киргизүүдө мугалимдерди даярдоо жана билим берүү системасын адаптациялоо сыяктуу көптөгөн эмгектер талап кылынат.
— Долбоордун ийгилиги үчүн кандай кошумча аракеттер керек?
— Жогоруда аталган жагдайларды эске алып бул мекеме IT-компаниялар менен тыгыз кызматташтык түзүп, студенттер үчүн стажировка жана практикалык долбоорлорду көбөйтүүсү абзел. Өзгөчө аймактардагы жаштар үчүн да жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында онлайн жана регионалдык программаларды өнүктүрүү сыяктуу тынымсыз жана ар тараптуу комплекстүү иш алып баруусу зарыл.
Чынайым Кутманалиева