Алмазбек Эстебесов: Мерчемделген максаттарыбыз орундалууда

Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгында айтарлык иштер илгерилеп жатат. Башкармалыкта иштеген жүздөгөн ар бир кызматчы жана жумушчунун мээнеттери айтып болгус. Тээ атам замандан эле мураптык кесипке жогорку жоопкерчилик жүктөлгөндүктөн суу баркын билген жумурай-журт сыйлап келген.

Демек, жер иштетип, мал багып, өлкөбүздүн экономикалык көрсөткүчтөрүн көтөрүүгө салымын кошкон мээнеткечтердин түшүмү, түмөн байлыгы сугаттын жүрүшүнө түздөн-түз көз каранды. Акылга бай кыргыз эли: “Жети күнкү жаандан желип өткөн суу жакшы» деп таасын баа беришкен. Демек, сугат тармагын талаптагыдай чыңдамайынча кайтарымы болбойт. Чындык керек, кечээги мезгилде суу тармагына жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай, кемчиликтерге жол берилген. Суу тармагында иштегендердин да эмгек акылары аз болгондуктан айрыкча жаш кадрларды бул тармакка тартуу да оордогон. Бир жакшы жери, мына ушул айтылган кечээги кемчиликтер бүгүн четтетиле баштады.

Анткени, суу тармагына мамлекеттик деңгээлде маани берилип, сугатчылардын маанайы жаркырады. Айтууга татыктуу жарк эткен жаңылыктар жанданды. Көрсө, баары келип эле журт башчыларга байланыштуу болот турбайбы. Өлкөнү, Өкмөттү башкаргандарга рахмат. Суу тармагын ар тараптан чыңдоого жетекчилерибиз зор салымдарын кошуп жатышат. Баракелде, бар болгула! Бул айтылгандар ураан эмес, болуп жаткан кашкайган чындык.

— Алмазбек мырза, Ысык-Ата району чынында республикадагы алдыңкы райондордон. Өзүңүз жетектеген суу чарба тармагынан сөздү баштаганыңыз оң.

— Быйыл жалпы эле кыргыз элинде эбегейсиз жетишкендиктер, жеңиштер жаралып жатат. Баарын айтып олтурсак, сөз узак. Ийгиликтердин жаңы барактары ачылууда. Мына ушул айтарлык иштердин сап башында суу чарба тармактары турат. Суусуз жашоо кайда? Алыс барбай өзүбүздөн сөз баштасак. Эл алдында жүзүбүз жарык. Быйыл мол түшүмдүн жылы болду. Суу чарба кызматкерлеринин, жумушчуларынын акыбети кайтты. Сугат боюнча эл пикири жакшырды. Тейлөөнүн жакшы жолго коюлгандыгынан, уюшкандыктын мыктылыгынан элдин нааразычылыгы кадимкидей азайды. Районубузда жалпы 54873 гектар сугат жер бар. Айтканга оңой болгону менен мына ушул учу-кыйыры чексиз талаага тегиз суу жеткирүү түйшүгү оор. Суу өзүнөн өзү эле жете бербейт. Зор эмгек, мээнетти талап кылат.

Ошондуктан жашообузда суу кымбат. Айталык, чарба аралык каналдардын узундугу 154 чакырым. Ички чарбалык каналдар 808 чакырым. Мына ушул каналдардын сугат суу тармагындагы ролу бийик. Каналдарсыз сугат көйгөйүн толук чече албайбыз. Гидротехникалык курулмалар 2785 даана. Булардын ичинен 211и Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын балансында. Ал эми калган 2310у айыл өкмөттөрүнүн балансында. Мына ушул суу боюнча байлыктарыбызды көздүн карегиндей сактоого тийишпиз.

— Арык жана каналдардын сапатсыздыгынан суу талаага кетип, коромжулукка жол берилип келди. Бир тамчы суу текке кетпеш үчүн кандай аракеттерди жасап жатасыздар?

— Чындык керек, арык жана каналдардын эскилигинен, сапатсыздыгынан аккан суу толук барчу жерине жетпей эле туш тарапка сиңип кетери бышык. Мына ушул кемчиликтерди четтетүү боюнча чеке жылытарлык иштерди илгерилете баштадык. Айталык, Р-24 ички чарбалык каналынын 2 чакырымына килем бетондор төшөлдү. Бүгүнкү күндө Туз декадалык жөнгө салуу бассейнинде, Кочкорбай жөнгө салуу бассейнинде иштер илгериледи. Негизинен суу сыйымдуулугу 2 млн кубга ылайыкталды. Эң башкы артыкчылык, Кочкорбай декадалык жөнгө салуу бассейнинде капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Буюрса 2027-жылы апрель айында пайдаланууга берилет. Мында 1 млн кубдан ашык суу топтолот. Сууга зар кайракы жерлердин да багы ачылат. Быйыл каналдарды механикалык жол менен тазалоо жумуштары кызуу колго алынды. Р-6 каналынын 2,2 чакырым жери, Дунганский каналынын 8 чакырым жери, Красная Речка каналынын 1600 метри тазаланды. Ошондой эле Р-7 каналынын 900 метринин, Р-12-6 Туз каналынын 600 метринин, Р-20-2-1 каналдарынын 2 чакырым жеринин сааттары чыкты. Ал эми Чумыш каналы бетондолду.

Мына ушул арыктарга килем бетон төшөөнүн артыкчылыгы – мурдагыдай суу коромжуга учурабайт. Сууга аяр мамиле жасоо дүйнөлүк деңгээлде көтөрүлүп жатканы бекеринен эмес. Сууга болгон кайдыгерликтен алыстайлы. Климаттык кризистин алдын алууда суу маселеси туу башында турат. Демек: “Суу сыйлаган кор болбойт” деп бекеринен айтылган эмес. Суу тармагына аяр мамиле жасоо бир гана биздин милдет эмес, ар бир мекендештердин милдети.

— Сиздерге болгон өкмөттүк колдоолордун сап бышында заманбап техникалар менен колдоо болуп саналат. Эски техникалардын азабын жакшы эле тарттыңыздар. Колуңуздар узарып, арманыңыздар артта калды, туурабы?

— Аны эми бир айтасызбы, эки айтасызбы эски техникалардын зыянын жакшы эле тарттык. Айласыздан кол күчү менен да иштеген мезгил болду. Кечээги кетмендеп арыктарды тазалоо көкөйүбүзгө көк таштай тийген эле. Мына эми заманбап техникаларыбыздын үзүрүн көрө баштадык. Оорубузду жондон, жеңилибизди жерден ала башташты. Бардыгы 3 экскаватор, 1 бульдозер алдык. Бул заманбап жаңыруулар чек эмес, жаңы техникалар менен камсыз болууга үмүтүбүз чоң.

— Алмазбек Молдакматович, айлык акыңыздар көбөйүп, көңүлүңүздөр көтөрүлүп турган учур. Маанайыңыздар кандай?

— Албетте, маанайыбыз жакшы. Жетекчи катары айлык акылардын көбөйүшүнө айтарлык аракетимди жасадым. Кадрлардын кадыр-баркын көтөрүү тууралуу нечен жыйын, чогулуштарда тайманбай айтып келдим. Айлык акыларды арбытып, ыңгайлуу шарт-жагдайларды түзүү акыбетин берет. Жылдын жаңырарына саналуу гана күндөр калды. Жылды мыкты жыйынтыктар менен жыйынтыктайбыз. Биздин негизги максат мол түшүмдүн мүмкүнчүлүгү болгон сугат суу чарбасын ар тараптан жогорулатуу болуп саналат. Колдон келген бардык күчүбүздү аябайбыз. Кесиптештеримдин тилеги биримдик, демек ынтымак менен гана ийгиликтерге жетишебиз.

Айчүрөк Макешова

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X