"Эркин-Тоо"

Алтай БӨРҮБАЕВ: “Конституция иштеп баштай электе аны сындоонун кажети жок”

Карынын кебин капка сал…

Алтай БӨРҮБАЕВ, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор:

Өткөн жекшембиде Баш мыйзамдын жаңы долбоору Бүткүл элдин добуш берүүсүнө коюлду. Ушундан улам Билбегенди бил, билимдүү – пир” демекчи, ушул жана башка саясий маселелер туурасында Физика-математика илимдеринин доктору, КРнын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер Алтай Бөрүбаев менен баарлаштык.

-Алтай Асылканович, жакында референдум өттү. Бул биринчи жолу эмес. Мурда да Конституциялар кабыл алынып жүргөн. Андыктан, жаңы Баш мыйзамдын мурдагыдан өзгөчөлүгү эмнеде…

-Туура. 11-апрелде мамлекетибиздин тарыхында чоң саясий окуя, КРнын Баш Мыйзамынын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) болуп өттү. Референдумду шайлоочулардын 79 пайызы колдоду. Бул абдан жакшы. Коркпой эле элибиз жаңы кадамдар менен алдыга умтулду десек болот. Кыргыз мамлекетинин тарыхында актай барак ачылды. Баш мыйзам — өлкөдөгү калган мыйзамдардын баарын бириктирип турган мамлекеттик чоң документ. Башка майда мыйзамдар Баш мыйзамдын туундусу. Ушундан улам Кыргыз Республикасындагы окумуштуулардын жана өзүмдүн атымдан кеменгер кыргыз элин куттуктайм. Жаңы Конституциябыз ак жолтой жана кут болсун. Элибизге, жерибизге иштесин. Ал эми жаңы Баш мыйзамдын өзгөчөлүгүнө токтолсом, эң биринчи чоң өзгөчөлүгү – мында бир нече бөлүктөрү кайрадан жазылып чыкты. Адам укугуна, адам эркиндигине жакшы көңүл бөлүнүп, президенттик, парламенттик, сот бийлиги тууралуу күчтүү жазылды. Экинчиси мамлекеттик структура анын түзүлүшү, бири-бири менен байланышы, карым-катнашы мунун баары так көргөзүлдү. Мисалы, 2010-жылдагы Конституцияда мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ким аныктаары жөнүндө бир дагы сөз жок. Өкмөт жөнүндөгү бөлүмүн ачсак мамлекеттин ички жана тышкы саясатын Өкмөт ишке ашырат деп турат. Аны ишке ашыруу үчүн аныктоосу керек да. Бул өтө өкүнүчтүү. Чындап эч ким аныктай албагандыктан, ар ким чампалап олтуруп ушул кезге чейин келдик. Ал эми жаңы Конституцияда “Мамлекеттин ички жана тышкы саясатын өлкөнүн президенти аныктайт” деп так жазылган. Ошондой эле бардык жоопкерчиликти Президент мойнуна алып, “баарына мен жооп берем”- деп жатат. Биз сөз кылып жаткан Конституция Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен кабыл алынгандыктан, мен ал инсандын эрктүүлүгүнө, тайманбастыгына баа бердим. Бул чоң жоопкерчилик. Мурдагы өлкө башчылардын бирөө да жоопкерчиликти мойнуна алган эмес. Дагы бир өзгөчөлүк-Өкмөттүн структурасын оптималдаштыруу. Мурда президенттик аппаратта деле, өкмөттүк аппаратта деле бири-бирин кайталаган бөлүмдөр бар болчу. Эми андай болбойт. Президенттин аппараты менен Өкмөттүн аппараты биригет да тунгуч президент Аскар Акаевдин учурундагыдай президенттик администрация деген кирет. Аны бир адам жетектейт. Бул аппарат эмес, күчтүү администрация болуп Өкмөттүн аппараты менен тыгыз иштейт. Мисалга Америкада ушундай. Аларда өкмөттүн аппараты, премьер-министр деген жок, бирок, өкмөтү, министрлери бар. Биздики так ошондой болбосо да, ошого жакын.

-Демек, сиз президенттик башкарууга макулсуз…

— 2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана КРнын референдуму өтүп, анда президенттик жана парламенттик башкаруу ыкмасы элдин сынына коюлганда дароо эле бизге президенттик башкаруу керек дегем. Себеби, биздин тарыхыбыз да ошондой. Кыргызды бир эле адам, мисалы Манас атабыз башкарып келген. Анын 40 чоросу кеңеш берген. Биз парламенттик башкарууну да көрдүк. Алар эч нерсеге жооп бербейт экен. Парламент Өкмөттү да түзүп көрдү. Жакшы жыйынтык болгон жок. Мисалы өзүмө жакын билим берүү жана илим тармагын айтайын, парламент сунуштады деп бала бакчада, мектепте же ЖОЖдо бир күн сабак бербеген адам министр болуп келип жатты го… Бул туура эмес! Эми андай  болбойт. Президент керт башы менен жооп бере тургандыктан, Өкмөттүн курамын өзү сунуштап, парламенттин макулдугу менен шайлайт..  

— Сиз 2000-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын палатасына эки жолу депутат, кийин төрага да болгонсуз. Ал кездеги парламенттин азыркыга салыштырмалуу иш-аракеттери, күчү, багыты, принциптери кандай болгон?

— Жакшы суроо. Андагы парламент менен азыркы парламентти салыштырууга болбойт. Айырмасы асман менен жердей. Ал кезде Өкмөттүн курамын, структурасын биз түзчүбүз. Бул министрликтин, бул комитеттин кереги барбы? деп бир топ талкуулап, талашып-тартышып, сайттарга илдирип, жарыялап анан бекитип берчүбүз. Азыр болсо эки саатта дүңүнөн эле бекитип берип коюп жатышат. Ошон үчүн кээ бир нерселерди эл билбей калып нааразычылыктар жаралууда. Президент сунуштаган ар бир министрликке талапкерлердин программасын угуп, суроолорубузду берип, татыктуусун бюллетень менен шайлатчумун. Кадимкидей эсептөө комиссиясы түзүлчү. Эгер ошол убакта Аскар Акаевич көрсөткөн кадр парламентке жакпай калса, аны коркпой-үркпөй эле кулатчубуз. Ага таарынчу эмес, тескерисинче кийинки талапкерин сунуштачу. Учурда ушундай тартип, ыкма болгондо азыркы парламент чимкирик деген атка конбойт эле. Буйруса Садыр Нургожоевич да Өкмөттүн мүчөлөрүн ушундай ыкмада сунуштап, татыктуу болбой калса, башкасын алып чыкса татыктуу, таза, мыкты кадрлар тандалат деген ишенимдемин. Кадр тандоодогу бул ыкма парламенттин да баркын көтөрөт. Парламент кылчактап президентти карай бербей, ишти жакшы алып барабы, жокпу, кеп ошондо. Жок бул жарабайт  деп программасын уккан соң калыс добуш беришсе, ал Өкмөттүн курамы күчтүү түзүлүп, эффективдүү иштемек. Жаңы кабыл алынган Баш мыйзам ушуга өбөлгө түзүп, жол ачат.

— “Бүткөн ишке сынчы көп” демекчи, Баш мыйзамдын жаңы редакциясын сындап, жактырбай жаткандар бар. Буга кандай карайсыз?

— Албетте идеалдуу Конституция болбойт. Кемчиликтер болот. Кемчиликтерин көрүп жатабыз. Бирок, Конституция иштеп баштай электе ал жөнүндө сөз кылып, талкуулап, сындай берүүнүн кажети жок. Оркойгон чоң кемчиликтер эмес, аларды бара-бара ишке киргенден кийин өзгөртсө болот. Башкысы өлкөнүн, элдин тагдыры, келечеги үчүн мамлекеттик документ кабыл алынды. Венециялык комиссия Американын да Конституциясына сын айта алат. Алар бизге орой сын айткан жок. Демек, туура тандоо болуп, элибиздин менталитетине, шартына жараша адекваттуу Баш мыйзамды кабыл алдык. Буйруса убакыт көргөзөт, баары жакшы жолго түшөт. Ушул Конституциянын негизинде элибиз үчүн далай пайдалуу жаңы мыйзамдар кабыл алынып, экономикабыз көтөрүлүп, илим-билимдин сапаты жогорулап, элибиздин жашоосу оңолот.

— Илим-билим демекчи, Баш мыйзамдын жаңы редакциясына илим тармагы камтылганбы?

-Албетте. Эң кубанычтуу жагдай — башка Конституцияларда буга чейин маданият, билим, социалдык маселелер жөнүндө сөз болуп келип, ал эми илим тармагы таптакыр эске алынган эмес. Мен мурда бир нече Конституциянын мүчөсү болгом. Андыктан бул жолу жаштарга жол бошотуп, Конституциялык кеңешмеге мүчө болгон жокмун. Бирок сунуштарымды кагаз жүзүндө бердим. Аны бардык окумуштуулар колдоду. Жыйынтыгында бул Конституцияда “Кыргыз мамлекетинин Улуттук Академиясы Республикадагы фундаменталдуу, прикладдык илимдерди координациялайт” деген пункт киргизилди. Болбосо “Академия ана, мына жоюлат. Бул имараттарды ЖОЖдорго эле таратып жиберели” деп, биздин имараттарыбызга көз арткандар көп болгон. Буйруса андай болбойт. Мыйзам күчүнө кирди. Биз сугалактардан кутулдук. Эми биздин окумуштуулардын милдети — илимди даңктап, Улуттук илимдер академиясын дүйнөгө таанытуу. Бизде дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты окумуштуулар, алардын иштелген иштери да бар. Ошолорду элге жеткирип, даңазалай албай, прикладдык түрдө иштете албай жатканбыз. Мына шарт түзүлдү, мындан ары буларды ишке ашырабыз. Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик. Мисалы, математика менен аргардык экономика бири-биринен алыс. Анткен менен кесиптештер биргеликте  “Агрардык сектордун өнүгүшү жөнүндө” математикалык модель түзүп, монография чыгардык. Себеби, Агрардык университеттин алдында чарбасы, жерлери, уйлары бар. Андыктан биз түзгөн модель иштейт бекен деп экспермент жүргүзүп, кирешеси 12 пайызга көтөрүлдү. Бул боюнча официалдуу кагазы бар, китепке да чыкты.

-Үлгүлүү илимпоз, академик катары Конституциялык кеңешмеге эле эмес Өлкө башчыбызга да илим-билим тармагы боюнча кеңеш-сунуш бере алдыңызбы?  

— Бийикке чыксаң көзүң, билимдүүгө жолуксаң көңүлүң ачылат. Жакында Президент Жапаров Садыр Нургожоевичтин чакыруусу менен анын кабыл алуусунда болдум. Президенттин бул кадамына абдан ыраазымын. Жолугушууда илим, билим тармагы боюнча тажрыйбама байланышкан жана башка бир топ маселелерди айттым. Химия, физика, информатика деген укмуш предметтер бар. Алар мамлекетке чоң пайда алып келет. Анын баарына мамлекет буйрук берип иштетиш керек. Өлкөдө саны бар сапаты жок, эл аралык аренада базасыз, начар ЖОЖдор көбөйдү. Өзгөчө медицина тармагындагы окуу жайлардын саны 15ке жетиптир. Пакистандыктар, Индустар окуп алып, нааразы болуп жатышат. Мени Москва мамлекеттик университетинин ардактуу профессору катары 1 жылда эки жолу өздөрү чакырып, лекция окутушат. Ал жакка барганымда Москвадагы мигрант жаштарга жолугуп аңгемелешем. Көбү жаштар, сурасаң эле юрфакты, экономфакты акча менен эле бүткөнбүз дешет. Андыктан, ЖОЖдорду оптималдаштыруу, сапатын көтөрүү керек. Жөн эле дүйнөлүк деңгээлдеги ЖОЖдорду туурай бербейли. Союз тараган мезгилде дүйнөлүк көчтөн калып калбайлы деген ураан менен ал бизге туура келеби, туура келбейби ага карабай эле бакалавр, магистр дегендерди киргизип алганбыз. Анын кээ бири гана жарактуу. Бизге Советтик системадагы 5 жылдык адистикти алуу эле туура келет. Мисалы, Москва мамлекеттик университети негизинен ушул система менен иштейт. Россиянын ЖОЖдорунун мыктылыгы ушунда. Мына ушулар боюнча Президентке айттым. Ошондой эле “Сизди кыргыз эли, анын ичинен эң активдүү жаштар колдоду. Алардын алдында карызсыз. Андыктан, алгач билим берүү тармагынын сапатын арттырып, андагы коррупциялык иштерди жоюп берсеңиз” деп сурансам, макул болду. Бул маселе туурасында Премьер-министр Улукбек Мариповго да кирип, толук колдоо алдым. Буйруса жүрөгүбүздө жакшы тилек-ниеттер орун алса, мамлекетибиздин өсүп-өсөөрүнөн шек жок. Элибиз аман, жерибиз тынч болсун!

Жазгүл КАРБОСОВА

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!