Алтын Ордо конушу таза суу менен камсыз болуу алдында турат. Тургундар эл өкүлүнө ыраазычылык билдиришти
Сокулук районундагы Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Алтын Ордо конушунун тургундарынан биздин редакцияга кайрылуу келип түштү. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири Гүлшат Асылбаева конушка таза суу чыгаруу үчүн жардам бергени айтылган.
“Сокулук районундагы Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Алтын Ордо конушунун тургундарына айыл өкмөттөн ичүүчү сууга жер бөлүнүп берилип, 2018-жылы ноябрь айында элдин өздүк салымы менен 150 метр тереңдиктен суу чыгарып, 2019-жылы ар бир көчө башкача айтканда дээрлик 20 км суу түтүгүн тартып, долбоордун иш кагаздарын, сууга басым чыгаруучу мунарага (айыл өкмөтүнөн берилген) чейин орнотуп бүткөндөн кийин негизги суу түтүгүн тартууга каражат жетпей калган. Жергиликтүү калк ошондо каражат издеп, бийлик өкүлдөрүнө бир нече ирет кайрылышкан. Бирок, натыйжа чыкпай, таза суу чыгаруу иштери токтоп калган. 2020-жылы токтоп калган ишти улантуу үчүн жергиликтүү тургундар ЖК депутаты Гулшат Асылбаевага кайрылып, ал калкка кол сунуп, Кыргыз Республикасынын бюджетинен 13 миллион 480 миң сом бөлдүрүп берип колдоо көрсөткөн. Бул каражат таза суу департаменти аркылуу тендердик негизде которулуп, азыркы убакта ар бир үйгө таза суу киргизилип, таза суу менен камсыз болуу алдында турат. Алтын Ордо конушуш тургундары Гүлшат Кадыровнанын жардамын эч качан унутпайт», — делет кайрылууда.
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/zhzh.jpeg?v=1631517636″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=19977″ class=»wp-image-19977″ />
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/zhzhzh.jpeg?v=1631517638″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=19978″ class=»wp-image-19978″ />too.kg/wp-content/uploads/2021/09/zh…jpeg?v=1631517640″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=19979″ class=»wp-image-19979″ />