«Алтын Строй Групп» компаниясынын лицензиясы токтотулду

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 171

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы курулуш мыйзамдарын бузган «Алтын Строй Групп» компаниясынын лицензиясын токтотту.

Министрликтин маалыматына ылайык, компания Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндөгү эки объектте архитектуралык-уруксат берүүчү документтерсиз жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусуз курулуш иштерин жүргүзгөн. Кайра текшерүүдө курулуш иштеринин натыйжасында тротуар бузулганы да аныкталган.

Компанияга жалпысынан 400 миң сом айып пул салынып, курулуш иштери токтотулган. Мыйзамсыз курулуштун уланышы боюнча материалдар Ош шаардык прокуратурасына жана УКМКнын тиешелүү бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X