Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар АТТОКУРОВ: “КИТЕП САКЧЫЛАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЧЕТТЕ КАЛБАШЫ КЕРЕК”

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 88

— Элдар Эртабылдыевич, жакында эле Бишкекте китепканачылардын башы бириккен «ART DIALOG» аттуу иш-чара өттү. Кандай маселелер көтөрүлдү?

— Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин демилгеси менен буга чейин республикада китепканалар боюнча мониторинг жүргүзүлгөн. Ошонун негизинде 30-январда, Улуттук телерадиоберүү корпорациясында китеп жана китепкана тармагындагы актуалдуу, көйгөйлүү маселелерге арналган «ART DIALOG» иш-чарасы болуп өттү. Бул диалогдук аянтча китеп жана китепкана тармагынын стратегиялык багыттарын тактоого шарт түзүп берди. Тагыраагы, Улуттук китепкананын кызматкерлери, республикадагы китепканачылар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бир аянтчага чогулуп, китепкана жана китеп тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, китепкана системасынын учурдагы абалы, тармактагы негизги көйгөйлөр, жүргүзүлүп жаткан реформалар, китеп окуу маданиятын өнүктүрүү жана китепканалардын ишмердүүлүгүн заманбап талаптарга ылайыкташтыруу маселелери кеңири талкууланды. Жыйынтыгында, китеп жана китепкана тармагын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.

— Бул иш-чара жыл сайын өтүп турабы?

— Мындан ары да диалогдор улантылышы керек деп ойлойм. Себеби, бул аянтча сунуш, пикирлер ачык айтылган жакшы демилге. Бул диалогду демилгелеген Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте аянтчада айтылган маселелердин чечилишине багыт алса, анда ал өз максатына жетет.

— Сиз бул иш-чарада кандай сунушту айттыңыз?

— Мен эки көйгөйлүү маселени айттым: Улуттук китепканага заманбап шарттарды камсыздоо жана китепканачыларыбыздын айлык маянасын көтөрүү. Анткени, китепкана кызматкерлеринин айлыгы өтө төмөн, 10, 12 миңден 20 миң сомго чейин гана алат. Алар чаңда иштешет, ден соолуктарына зыян, кооптуу. Эреже боюнча, сүт ичип туруулары керек. Советтер Союзу маалында китепканачыларга сүт сатып алып ичүүсүнө кошумча каражат төлөнчү. Бүгүн китепканачыларга зыяндуулук боюнча төлөнгөн каражаттын пайызы азайып кеткен. Адамдын ден соолугу үчүн эски, саргайган кагаздын чаңы оңой эмес. Мындан улам айлыктарын көтөрүү сунушун, зыяндуулук боюнча да атайын комиссия текшерип, мурдагы калыбына келтирүү зарылдыгын айттым. Китеп болбосо дүйнө кайда, илим кайда? Китеп бул улуттун маданий баалуулугу. Китепканачылык адамзаттын тарыхын сактап калуучу иш десем жаңылышпайм. Андыктан китеп сакчыларына абдан көңүл буруу керек.

— 1-апрелден баштап маданият кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөт эмеспи. Бул категорияга китепканачылар кирбейби?

— Биз маданият кызматкерлеринин катарын толуктайбыз. Бирок, маданият кызматкерлеринин маяналары көтөрүлгөндө, китепканачылар дайыма эске алынбай калат да. Артисттерди мисалга алсак, алар башка иш-чаралардан каржы булактарын жакшырта алат. Акын-жазуучулар китеп чыгарууга катышып, же текст менен иштеп гонорар алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми китепканачылардын кошумча каржы табуу булактары чектелүү. Ушундан улам каржылоо зарыл!

— Бүгүн китепканачылар жетиштүүбү?

— Бүгүн китепканачы адистигинде окугандар дээрлик аз. Ошондон улам, учурда улуу муундагы китепканачылар иштеп жатат. Жаш муундагы китепканачылар көп эмес. Кадрды толуктоо үчүн жаш китепканачылар жетишсиз. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (БМУ) китепкана адистерин даярдайт. Мурда бир группада отуздай студент окуса, азыр он-он бештей студентке жетпейт. Анткени, айлыгы абдан аз болгондуктан бул адистикке көбүнүн окугусу да, иштегиси да келбейт. Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин 1-апрелден тарта маданият кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүү боюнча кайрылуусу жакты, колдойбуз. Бул катарга китепканачылар да кирип, айлыктары 100 пайызга көтөрүлсө абдан жакшы болот эле. Маданиятты сактап калабыз, өнүктүрөбүз десек, алгач китепканачыларды, маданият сакчыларын колдоо зарыл.

— Жетекчи катары айтсаңыз, китепкананын ишмердүүлүгүн кантип жакшыртса болот?

— Китепкананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, санариптештирүү жана заманбап кызматтарды киргизүү зарылдыгы бар. Заманбап талаптарга ылайык коворкинг (англис тилинен бизге которгондо «чогуу иштешүү», «кызматташуу» дегенди билдирет) борборлорун ачуу, санарип кызматтарды өнүктүрүү биздин негизги багыттардын бири. Мындай шарттар түзүлүп, кызматкерлердин айлыктары көтөрүлсө, китепкананы 24 саат иштетүүгө өтмөкпүз. Анткени, жаштар, илим изилдөөчүлөр, жалпы эле окурмандар арбын. Ал үчүн бардык заманбап сервистер түзүлүүсү маанилүү. Бул иштерди иш жүзүнө ашыруу үчүн кошумча имарат куруу керек эмес. Азыркы имараттан орундар бар.

— Бардык шартты камсыздоо менен окурмандарды китеп окууга тартууга мүмкүнбү? Же адамдардын ички интеллектисинен көбүрөөк көз карандыбы?

— Адамдар китепке жакындайт эле, болгону биз алар каалагандай шартты түзүшүбүз керек. Китепкана сактап туруучу гана милдет, архив болбой, заманбап билим алуу, илим, маданият очогуна айланса дейбиз.

— Улуттук китепкананын фонду тууралуу айтсаңыз?

— Улуттук китепкананын фонду 6 миңден ашуун китептер менен толукталган. Учурда колубуздагы болгон саналуу сканерибиз менен электрондук китептер жасалууда. Фондубуздагы бардык китепти санарипке өткөрөбүз десек, жыйырма жылдай убакыт сарпталат. Андыктан Улуттук китепканага коворкинг борборлорун ачуу менен кошумча каражаттарды табуу мүмкүнчүлүгү жаралмак. Анын арты менен заманбап жабдууларды сатып алып, күнүнө жүздөй китепти электрондоштуруу ишке ашса деген аруу тилегибиз бар.

Мээрим Бактыбек кызы

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X