Алыскы аймактарга ылдам интернет: Кыргызстан Starlink’ке кошулду
Кыргызстанда Starlink интернет кызматынын жеткиликтүүлүгү расмий түрдө ачыла баштады. Бул тууралуу кызматтын расмий картасында көрсөтүлүп, өлкө 23-майдан тарта камтуу аймагына киргизилгени белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, эми колдонуучулар расмий сайт аркылуу өз дарегин киргизип, кызматтын жеткиликтүүлүгүн текшерип, катталуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Буга чейин Кыргызстанда Starlink’ти ишке киргизүү боюнча иштер акыркы этапта экени айтылып келген. Апрель айында Министрлер кабинети пилоттук долбоорду баштоо үчүн бардык зарыл уруксаттар алынганын билдирген.
Өкмөт бул долбоор алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоого олуттуу жардам берерин белгилеген.
SpaceX тарабынан иштелип чыккан Starlink — төмөн орбитада жайгашкан спутниктер тармагы аркылуу интернет байланышын камсыз кылган система. Ал өзгөчө туруктуу байланыш жок же интернет ылдамдыгы төмөн аймактар үчүн альтернатива катары саналат.