Алюминий калыптарын чыгарган завод пайдаланууга берилди

11-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29

Кыргызстанда алюминий профилдерин жана куйма продукциясын чыгарган жаңы завод ишке кирди. Бул тууралуу Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-мартта аталган агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөөнүн алкагында «Стилекс» ЖЧКсынын өндүрүш ишканасына барды.

Жалпы аянты 10 миң 800 чарчы метрди түзгөн заманбап өндүрүш комплексинде куйма жана пресс цехтери, боёо линиясы, чийки зат жана даяр продукция кампалары, сапатты текшерүү лабораториясы, административдик имарат жана логистикалык аянтчалар бар. Завод алюминий чийки затын кайра иштетүүдөн тартып даяр профилдерди чыгарууга чейинки толук өндүрүш процессин камтыйт.

Өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 1 400–1 500 тонна алюминий куймасын жана болжол менен 1 000–1 300 тонна даяр продукция чыгарууга жетет. Долбоордун биринчи этабын ишке ашырууга болжол менен 15 миллион доллар инвестиция салынган.

Бул долбоорду ишке ашырууда мамлекет тарабынан да колдоо көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, өндүрүштүк жабдууларды импорттоодо бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктер берилген.

«Бүгүн инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын реалдуу жыйынтыктарын көрүүгө болот. Ишкана өндүрүштү ийгиликтүү ишке киргизип, кубаттуулугун кеңейтүүдө. Мындай долбоорлор өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын заманбап индустриалдык базасын калыптандырууга өбөлгө түзөт», — деди Равшанбек Сабиров.

Келечекте компания долбоордун экинчи этабын ишке ашырууну пландоодо.

11-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X