Амангелди Атазаков Ош мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүн жетектейт

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 173

Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев кол коюп, бөлүм башчысы кызматына Амангелди Атазаков дайындалды.

Ал буга чейин Ош шаардык мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген.

Дайындоо бөлүмдүн мурдагы жетекчиси Жылдызбек Болотбековдун башка кызматка которулганына байланыштуу кабыл алынды.

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 173
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X