Амангелдиев: Кыргызстан күйүүчү май менен 1,5 айга камсыздалган
Кыргызстанда учурда күйүүчү-майлоочу майдын кеминде 1,5 айга жете тургандай запасы топтолду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, өкмөт өлкөнү күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн альтернативдүү булактар менен да иш алып барууда. Кытай менен тиешелүү келишим түзүлүп, запасты кеминде 2,5 айлык көлөмгө жеткирүү максаты коюлган.
Амангелдиев белгилегендей, эгер күйүүчү майдын баасы толугу менен рыноктун эркине коюлса, АИ-95 бензининин баасы болжол менен 120 сомго, АИ-92 – 114 сомго, ал эми дизелдик отун 150 сомго чейин жетмек. Ошондуктан өкмөт бааларды турукташтыруу үчүн компенсация механизмин колдонуп жатат.
Анын айтымында, күйүүчү майдын кымбатташына негизинен дүйнөдөгү геосаясий кырдаал, Россиядагы мунай иштетүүчү заводдордун ишинин үзгүлтүккө учурашы жана отундун тартыштыгы себеп болууда.
Ошондой эле ал Россия ички рыногун камсыздоо максатында күйүүчү майдын экспортун чектегенин эске салып, Кыргызстан келерки жылы башка өнөктөш өлкөлөр менен кызматташууну кеңейтип, жаңы жеткирүүчүлөр менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө аракет кыларын билдирди.