Аманкан Кенжебаев Ала-Тоо айыл аймагынын тургундары менен жолугушту

2-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 212

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жашоочулар бир катар маанилүү маселелерди көтөрүштү. Алар турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүдө жаралып жаткан кыйынчылыктарды айтып, социалдык объектилерге болгон муктаждыкты белгилешти. Тактап айтканда, мектептерди, бала бакчаларды жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттарын куруу зарылдыгы айтылды.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Мындан тышкары, айрым айылдарды таза суу менен камсыздоо, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн тротуарларды куруу, социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле айрым жарандар мамлекеттик актыларды («кызыл китеп») алуудагы көйгөйлөрдү, Суу пайдалануучулар союзуна байланыштуу ижара маселелерин ортого салышты.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Тургундар транспорттук тейлөөнү жакшыртуу максатында Ала-Тоо айыл аймагынан Ош шаарына каттаган маршруттук каттамдардын багытын өзгөртүү сунушун да билдиришти. Ошондой эле бийик тоолуу аймактарда жашаган жарандардын пенсия алуудагы кыйынчылыктары тууралуу маселелер айтылды.

Аманкан Кенжебаев көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилерин белгилеп, көйгөйлөрдү чечүү багытында зарыл чаралар көрүлөрүн билдирди.Возможно, это изображение скрипка, помост и текст

Жолугушуу жергиликтүү бийлик менен элдин ортосундагы ачык диалогду чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп, тургундардын көйгөйлөрүн жеринде талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.

Эл менен жолугушуулар мындан ары да улантылат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X