Аманкан Кенжебаев Чоң-Алай районунун тургундары менен жолукту
18-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга облустук жана райондук жетекчилер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышып, тургундардын кайрылууларын угушту.

Жергиликтүү жашоочулар тарабынан көпүрө, жол, сугат жана таза суу, жер жана чек ара маселелери, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр, ошондой эле электр энергиясы, жайыт жана социалдык объектилер боюнча бир катар сунуштар көтөрүлдү.
Жыйындын жыйынтыгында бардык кайрылуулар протоколго киргизилип, тиешелүү мамлекеттик органдарга аткарууга жөнөтүлдү.