Аманкан Кенжебаев Чоң-Алайда 35 жарандын көйгөйүн укту
Кыргызстандын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев 6-октябрда Чоң-Алай районунда көчмө жеке кабыл алуу өткөрдү.
Ага 35 жаран келип, айылдардагы инфраструктура, мектеп жана бала бакча куруу, көпүрө салуу, таза жана сугат суу маселелерин көтөрүштү. Мындан тышкары, жеке мүнөздөгү кайрылуулар да айтылды.
Айрым маселелер жеринде чечилип, калган кайрылуулар боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. Алардын аткарылышы көзөмөлгө алынды.
Көчмө кабыл алуу президенттин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин калк менен иштөөсүн жакшыртуу жана жарандарды жеке кабыл алууну уюштуруу боюнча №181 Жарлыгынын негизинде өткөрүлдү.