Аманкан Кенжебаев эл аралык өнөктөштөр менен аймакты өнүктүрүүнү сүйлөштү

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 207

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Россия Федерациясынын делегациясы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин директорунун орун басары Григорий Устинов жетектеген делегация жана БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьёва катышты.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди талкуулашты. Ошондой эле Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан БУУӨП долбоорлорунун жыйынтыктары каралып, чакан жана орто бизнес, экспорт, кол өнөрчүлүк, туризм жана жаштар демилгелерин өнүктүрүү багытындагы жетишкендиктер белгиленди.

Мындан тышкары, келечектеги кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары өнөр жайды өнүктүрүү, инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, айыл чарба, инфраструктура жана туризм тармактарын колдоо маселелери талкууланды.

Жолугушууда Аманкан Кенжебаев Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү роль ойной турганын айтты.

Жыйынтыгында тараптар Ош облусунун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча макулдашууга жетишти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X