Аманкан Кенжебаев Кара-Кулжа районунда тургундар менен жолугушуу өткөрдү
2026-жылдын 15-июнунда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Кулжа районунун Алайку айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык маселелерин укту.

Жолугушууда айыл тургундары тарабынан бир катар маанилүү көйгөйлөр көтөрүлдү. Алардын катарында электр энергиясы, инфраструктура, жол, таза суу, жер маселелери жана социалдык колдоо багытындагы суроолор басымдуулук кылды.
Тактап айтканда, төмөнкү маселелер белгиленди:
- Ара-Булак аймагына 125 электр мамычасын орнотуу жана 2 млн сом каражат бөлүү;
- Көк-Арт – Ара-Булак айылдарын бириктирген көпүрө куруу;
- Жер тилкелерин трансформациялоо жана чек ара маселелерин чечүү;
- АЗС ачууга байланыштуу мамлекеттик органдардын жоопсуздугу;
- Ипотекалык турак жай жана таза суу менен камсыздоо;
- Маданият үйүн куруу, электр кубаттуулугун жогорулатуу жана сугат суу маселеси;
- Документтик жана жөлөкпул маселелери;
- Айыл өкмөтүнүн имаратын көчүрүү сунушу;
- Пенсия, чек ара макамы, завод, ГЭС, аэропорт сыяктуу өнүгүү демилгелери;
- Жол, үлүш жер, медицина кадрлары жана жайыт инфраструктурасы боюнча суроолор.
Ошондой эле айрым тургундар тарабынан социалдык кызматтарды жакшыртуу, жер маселелерин чечүү жана жаштарга шарт түзүү боюнча сунуштар айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн бардык маселелер протоколго киргизилип, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди. Ар бир маселе боюнча жооптуу жетекчилер жана аткаруу мөөнөттөрү белгиленди.