Аманкан Кенжебаев Кара-Шоро элинин көйгөйлөрүн укту

10-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 158

10-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп, аймактагы орчундуу көйгөйлөрдү укту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү эл тарабынан билим берүү, саламаттык сактоо, инфраструктура, айыл чарба жана социалдык тармактарга байланышкан бир катар маселелер көтөрүлдү.

Тургундар авариялык абалдагы мектептерди жаңылоо, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу зарылдыгын белгилешти. Айрыкча Какыр жана Чалк-Өйдө айылдарындагы билим берүү мекемелеринин абалы курч маселе катары айтылды.

Саламаттык сактоо тармагында оорукананын жанына поликлиника куруу, дары-дармектердин кымбатташы, ФАПтардын абалын жакшыртуу жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча сунуштар айтылды.

Мындан тышкары, ичүүчү таза суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткени, ички жолдордун оңдоого муктаждыгы, аларды тиешелүү мекемелердин балансына өткөрүү жана коомдук транспорт маселелери көтөрүлдү.

Социалдык-маданий багытта маданият үйүн жаңылоо жана мал базарынын аймагын кеңейтүү сунушталса, айыл чарба тармагында жайыттарды пайдалануу, Кара-Шоро паркындагы төлөмдөрдүн мыйзамдуулугу жана мал экспорттоо тартиби тууралуу суроолор берилди.

Ошондой эле байланыш жана санариптештирүү маселелери, телеканалдардын сапаттуу көрсөтүлбөй жатышы жана аймакка «Тоолуу жана алыскы аймак» макамын берүү демилгеси да талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Аманкан Кенжебаев тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, Кара-Шоро айыл аймагындагы жолдорго асфальт төшөө иштерин колдоо максатында Өнүктүрүү фондунан 7,5 миллион сом бөлүнөрүн билдирди.

10-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 158
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X