Аманкан КЕНЖЕБАЕВ, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: «ОШ ОБЛУСУ – ӨНҮГҮҮНҮН ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН АЙМАГЫ»

Өнөр жай көрсөткүчтөрү өсүп, жүздөгөн чакырым жол салынса да, коомдо “жашоо канчалык өзгөрдү?” деген суроо күчтүү. Салык көйгөйү, саламаттык сактоо тармагынын түйшүгү, жол коопсуздугу жана кадр жетишсиздиги сыяктуу маселелер Ош облусунун өнүгүү динамикасын коштоп жүрөт. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен  баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Аманкан мырза, 2025-жыл Ош облусу үчүн кандай жыл болду? Расмий көрсөткүчтөр жакшы экен. Бирок эл бул өзгөрүүнү сездиби?

– 2025-жылды биз стабилдүү экономикалык өсүштүн жылы деп бааладык. Облустук мекеме-уюмдар, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген тапшырмаларды негизинен аткарды. Бирок мен ар дайым бир нерсени айтып келем, экономикалык өсүштү сандар менен  өлчөөгө болбосун, элдин турмушу менен  салыштырып кароо зарыл деген пикирдемин.

Негизинен былтыркы жылы облуста өнөр жай продукциясынын көлөмү 22 млрд 840 млн сомду түзүп, өсүү темпи 107% болду. Бул жаман эмес көрсөткүч. 120 жаңы ишкана ачылып, 17 миңден ашык жумуш орду түзүлдү. Бирок республикадагы өндүрүштүн жалпы көлөмүндө облустун үлүшү 2,9%ды гана түздү.  Чындыгында бул биз үчүн коңгуроо. Буюрса, өндүрүштү кеңейтип,  технологияны жаңылоо жана экспорттук потенциалды жогорулатуу керек.

– Ачылган жаңы ишканалар узак мөөнөттө иштей алабы? Алар  убактылуу долбоорлор болуп калбайбы?

– Биздин негизги максат — туруктуу иштей турган өндүрүш түзүү. 2025-жылы ишке берилүүчү долбоорлордун тизмесине 16 ишкана киргизилип, анын 14ү ишке ашты. Инвестициянын көлөмү 5 млрд 938 млн сомдон ашты. Бул каражаттар негизинен кайра иштетүүчү өндүрүшкө, айыл чарба продукциясын терең иштетүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө багытталды десем болот.

– Бюджет планы 103–104% аткарылганы айтылды. Бирок 1 млрд 720 млн сом өндүрүлбөгөн салык бар экен. Бул көмүскө экономика көйгөйүбү же бул жерде башка маселе барбы?

– Ооба, бул жерде  маселе бар. Райондук салык башкармалыктарында  1 млрд 51 млн сомдук өндүрүлбөгөн салык аныкталды. 287 млн сом сот органдарына өткөрүлдү. Мындан ары көмүскө экономика менен күрөш күчөйт. Анткени, мамлекеттин социалдык милдеттерин аткаруу үчүн салык тартиби өтө маанилүү. Салык — бул жаза эмес, бул — мамлекет менен жарандардын ортосундагы жоопкерчилик. Ошону баарыбыз түшүнүшүбүз керек.

– Инвестиция тартуу боюнча Ош облусу атаандаштыктан артта калбайбы?

– 2025-жылы облуска 23 млрд 28 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү. Бул каражаттар жол инфраструктурасына, айыл чарбасына жана социалдык объектилерге жумшалды. Инвестиция келген аймакта иш орун көбөйөт, экономика жанданат. Ошондуктан биз инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарт, инвестициялык климат түзүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

– Кайда барбайлы жолдор курулуп жатканы айтылат. Асфальт төшөө боюнча пландар толук аткарылдыбы?

– Мамлекеттик капиталдык салым, турукташтыруу фонду жана титулдук тизмелердин эсебинен 301,2 км жол пландалган. Бирок иш жүзүндө 415,8 км жолго асфальт төшөлдү. Ноокат районундагы Кара-Кой участогуна баруучу 26 км жол оңдолду. Ошондой эле туризмди өнүктүрүү максатында инфраструктуралык долбоорлор уланууда.

– Туризм тармагын өнүктүрүү реалдуу деңгээлге чыктыбы?

– Туризм — келечектеги стратегиялык багыттардын бири. “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында тазалоочу курулма системасын куруу иштери жүрүп жатат. Бул экологияны сактоо менен туризмди өнүктүрүүгө шарт түзөт.

– Жер маселеси коомдо ар дайым курч тема. 1978 мыйзамсыз курулуш буздурулганы айтылды. Эл арасында нааразычылык болдубу?

– Ар кандай пикирлер болду. Бирок мыйзам баарына бирдей болушу керек. Корук аймагына, айыл чарба жерлерине же башка максатсыз жерлерге курулган объекттер буздурулду. Жалпы 1834 объект буздурулуп, 41 объект укук коргоо органдарына өткөрүлдү. Бул жерде эң башкы  принцип  мыйзамдуулукта.

– Жер мунапысы боюнча иштер кандай жүрдү?

– Бул боюнча 37 миңден ашык арыз катталып, 13 миңден ашуун жаранга мамлекеттик акт берилди. Жарандардын жерге болгон укугун коргоого багытталган иштер мыйзамдын алкагында ишке ашып жатат.

– Коопсуздук маселеси дагы коомду ойлонтот. Жол кырсыктары жылдан жылга көбөйө баштады.  Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Облуста бир жылда 865 жол кырсыгы катталды. Жол кырсыгынан каза болгондор жана жаракат алгандар көбөйдү. Ошондой эле 430 өрт кырсыгы болду. Бул жерде инфраструктура гана эмес, адам фактору да чоң роль ойнойт. Унааны тез айдоо, жол эрежесин бузуу, техникалык талаптарды сактабоо — негизги себептердин бири. Кырсыктарды алдын алуу үчүн  ИИМ менен профилактикалык иштер күчөтүлүп жатат.

– Саламаттык сактоо тармагы коомчулукту эң көп тынчсыздандырган багыт болуп калды. Өлүм көрсөткүчтөрүнүн катталышы кооптуу коңгуроо катары кабыл алынбайбы?

– Ар бир жоготуу – бул жөн гана статистика эмес, бул артында тагдыр турган чоң трагедия. Былтыр энелердин өлүмү 7 учур менен катталды. Бул көрсөткүч тармак үчүн олуттуу эскертүү. Ошол эле учурда бир жашка чейинки ымыркайлардын өлүмү 209 болуп, мурунку жылга салыштырмалуу 2,9%га азайганы байкалат. Демек, айрым багыттарда жылыш бар, бирок бул толук канааттандырарлык деп айтууга эрте. Мындан тышкары, кургак учук боюнча жагдай да кооптондурат. Жыл ичинде 695 адам бул илдетке чалдыккан, бул өткөн жылга салыштырмалуу 84 учурга көп. Оорулуулардын 20%ы мигранттар экени аныкталган. Бул көрүнүш калктын ички жана тышкы көчүүсү саламаттык сактоо системасына кошумча жүк жаратканын көрсөтөт.

Ошол эле учурда көйгөйлөрдүн негизги себептеринин бири – кадр тартыштыгы. Облус боюнча 54 дарыгер жетишпейт. Айрыкча Өзгөн району менен Кара-Суу районунда адистердин жетишсиздиги курч сезилүүдө. Бул аймактарда дарыгерлердин аздыгы медициналык кызматтын сапатына түздөн-түз таасир этүүдө.

Демек, маселе бир гана көрсөткүчтөрдө эмес, системалуу чечимдерди талап кылган комплекстүү көйгөйдө турат.

– Ош облусунда социалдык коргоо, билим берүү жана социалдык инфраструктура боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер кандай натыйжа берүүдө?

– Социалдык коргоо багытында аз камсыз болгон 14 535 үй-бүлөнүн 54 515 баласына жалпы 963 млн 150 миң сом жөлөкпул төлөндү. Жөлөк пул алуучулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 5146 үй-бүлөгө жана 20 144 балага азайган. Социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 16 686 адамды түзүп, 328 адамга кыскарды. Бул багытта республикалык бюджеттен 1 млрд 329 млн сом каржыланды. Мындан тышкары, 3908 үй-бүлө менен социалдык контракттар түзүлүп, аларга колдоо көрсөтүлүп, өз алдынча киреше табууга шарт түзүлүүдө.

– Облустагы билим берүү инфраструктурасынын абалы кандай?

– Облуста авариялык абалдагы 31 мектеп бар. Алардын Алай районунда — 3, Араванда — 5, Кара-Сууда — 5, Кара-Кулжада — 4, Ноокатта — 6, Өзгөндө — 6 жана Чоң-Алай районунда — 2 мектеп жайгашкан. Учурда 8 мектепте курулуш иштери жүрүп, билим берүү шарттарын жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө.

– Бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээли кандай бааланууда?

– Жалпы республикалык тестирлөөгө 7128 бүтүрүүчү катышып, алардын 4795и 110 баллдан жогорку жыйынтык көрсөтүп, бул катышуучулардын 68,5 пайызын түздү. 200 баллдан жогорку көрсөткүчкө 74 окуучу жетип, тестирлөөнүн орточо баллы 126 болду. Бул жаштардын билимге умтулуусу өсүп жатканын көрсөтөт, бирок сапатты мындан ары жогорулатуу зарыл.

–2026-жылга коюлган негизги кандай максаттар бар?

– 39 жаңы ишкана ачуу, жол курулушун улантуу, көп жылдан бери бүтпөй жаткан объекттерди бүтүрүү, “Санарип аймак” системасын күчөтүү, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу. Ысырапкорчулукту токтотуу, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү да көзөмөлдө болот.

– Жеке жоопкерчилик тууралуу эмне айта аласыз?

– Ар бир көрсөткүч үчүн жоопкерчилик бар. Облус жетекчиси болуу — отчет берүү гана эмес, чечим кабыл алуу. Элдин ишенимин актоо.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X