Аманкан Кенжебаев Ноокатта жер, жайыт, турак жай маселелерин талкуулады
Бүгүн президенттин Ош облусудагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин калк менен жолугушуусу Ноокат районунда башталды.
Жолугушуу алгач Кулатов айыл аймагы тургундары менен өтүп, анда жергиликтүү эл бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, айыл чарба, турак жай, жайыт жерлерин пайдалануу жана жер-суу көйгөйлөрү негизги талкуу темасына айланды.

Жолугушууда көтөрүлгөн суроолорго байланыштуу облус башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмаларды берип, маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын белгиледи.
Маалым болгондой, Садыр Жапаров аймактарды кыдыруудан кийин жер-жерлерде эл менен түз байланыш түзүп, көйгөйлөрдү жеринде угуп, ыкчам чечүү тапшырмасын берген. Ошого ылайык, 11-майдан тарта облус жетекчилери жана шаар мэрлери калк менен жолугушууларды өткөрүп, көтөрүлгөн маселелерди жеринде чечүү иштери уланууда.
