Аманкан Кенжебаев Савай элинин көйгөйлөрүн укту

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 331

Бүгүн Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.Возможно, это изображение один или несколько человек

Тургундардын айтымында, айыл аймагында таза суунун жетишсиздиги олуттуу көйгөй бойдон калууда. Ошондой эле ички жолдордун начар абалы, айрым көчөлөргө асфальт төшөө зарылдыгы жана базар аймагындагы жол тыгындары маселеси да көтөрүлдү.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Жолугушууда инфраструктуралык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, Октябрь айылынын тургундары жер тилкелеринде мыйзамсыз бузулган турак үйлөр боюнча көйгөйлөрүн билдиришти. Мындан тышкары, Кен-Сай аймагына газ тартуу, жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) куруу, бала бакча менен Маданият үйүн титулдук долбоорлордун тизмесине киргизүү сунуштары айтылды.

Ошондой эле мамлекеттик каттоо кызматтарына байланышкан маселелер, анын ичинде айрым жарандардын индивидуалдык идентификациялык код ала албай жаткандыгы тууралуу көйгөйлөр да ортого салынды.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Жолугушууда тургундардын жеке кайрылуулары дагы угулуп, алардын ар бири боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.Возможно, это изображение стол

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев көтөрүлгөн бардык маселелер жеке көзөмөлүндө болорун белгилеп, аларды чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар берилгенин билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X