Аманкан Кенжебаев Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында тургундар менен жолугушту
19-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Алай районунун Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.
Жолугушууда 24 жаран сөз сүйлөп, айыл ичиндеги жолдор, Терек көпүрөсү, Таргалак дамбасы, сугат жана таза суу, мектеп-бакчанын айланасындагы коопсуздук, спорт зал жана маданият үйү боюнча маселелерди көтөрүштү.
Ошондой эле социалдык-экономикалык багытта жөлөк пул, жер жана ипотека маселелери айтылды.
Аманкан Кенжебаев тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берип, көйгөйлөрдү чечүү боюнча иштерди көзөмөлгө алды. Кайрылуулар протоколго киргизилип, тиешелүү мекемелерге жөнөтүлдү.