Америкалык миллиардер Илай Броуд дүйнөдөн кайтты
Лос-Анжелес шаарында америкалык байлардын бири миллиардер Илай Броуд 87 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Соңку учурга чейин байлыгы 6,9 млрд долларга бааланган Илай Броуд америкалык байлардын тизмесинде 85-орунда турган. Ал Литвадан барган эмигранттын баласы болгон.