Америкалык студенттер полиция кызматкерин өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды

6-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 9

2019-жылы 19 жана 18 жаштагы Финнеган Ли Элдер менен Габриэль Натале-Хьорт Римге турист болуп келишкен. Алар баңгизат сатып алуу максатында баңгизат сатуучусу менен жолугушат. Бирок товардын ордуна аспирин болгонун байкаган студенттер сатуучунун артынан түшүп, баштыгын уурдап качышат. Баштыктын ордуна акча талап кылган студенттер менен жолугушууга барган сатуучу жарандык кийимчен эки полиция кызматкери менен келет. Студенттердин айтымында, башталган мушташтын жүрүшүндө полиция кызматкерлеринин бири 11 бычак жаракат алып, каза болот. Сот эки студентти адам өлтүрүү, опузалап акча талап кылуу, кол салуу, кызмат адамына каршылык көрсөтүү жана бычакты уруксатсыз алып жүрүү беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.

6-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 9
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X