Аномалдуу ысык: Эмгек министрлиги жумуш күнүн кыскартуу каралбаганын билдирди

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 248

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдө байкалган аномалдуу ысык аба ырайына байланыштуу жумуш күнүнүн узактыгын милдеттүү түрдө кыскартуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Эмгек кодексинде каралбаганын маалымдады.

Ошол эле учурда министрлик мыйзам талаптарына ылайык, бардык иш берүүчүлөр кызматкерлер үчүн коопсуз жана ден соолукка зыян келтирбеген эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү экенин белгиледи.

Мекеме эмгекти коргоо боюнча талаптарды так сактоо ар бир иш берүүчүнүн түздөн-түз милдети экенин эскертип, бул кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталганын билдирди.

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 248
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X